БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими — бул өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго каршы козголгон кылмыш ишин дагы бир жолу карап чыгууга негиз болот, деп билдиришти Жогорку соттон.

25-апрелде Жогорку сот Кыргызстандын Конституциясынын 41-беренеси өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгууга мүмкүндүк берерин билдирди.

Иштин кайрадан каралышы үчүн комитеттин чечими менен катар эле Аскаровдун өзүнүн да арызы болушу керек.

«Жаза-процессуалдык мыйзамына ылайык, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин жогоруда аталган чечими жаңы жаралган шарт-жагдайлар боюнча, Жогорку соттун ал ишти кайрадан карап чыгуусун баштоосуна негиз болуп эсептелет», — деп билдирди Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаевага шилтеме кылып.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге курган маегинде Аскаров ишин кайра карап чыгуу тууралуу арыз жазарын билдирди. Бирок айтымында, Аскаровдун «коргоно алуусу» үчүн бийлик алгач соттолгон укук коргоочуну бошотуусу керек.

«Ишти кайрадан карап чыгуу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары Аскаровду тез аранын ичинде бошотуу керек. Алар (сот) укук коргоочуга карата кылмыш жасалганын таанып, ага медициналык жана психологиялык жардам бериши керек», — деди Исмаилова

Жогорку сот шилтеме кылып жаткан Конституциянын 42-беренесинде төмөндөгүдөй деп жазылган:

«Ар бир адам бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге шайкештикте адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылуу укугуна ээ. Ал органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиктери бузулган деп табылса, анда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана/же зыяндын ордун толуктоо боюнча чараларды көрөт».

Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигинин укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуп, аны күнөөсүз деп табуусун талап кылган. Комитет өз сайты аркылуу Аскаров «мыйзамсыз соттолгонун» жана «кыйноолор менен ырайымсыз мамиле жасоолорго кабылгандыгын» билдирген.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулар маалында милиционерди өлтүрүүгө катышкан жана «массалык башаламандыктарды уюштурган» деген айыптар менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Укук коргоочунун жактооочулары Аскаровдун күнөөсү жок экенин — кылмыш болгон маалда ал башка жерде болгонун билдирип келишет.