Батир алуунун пайдалуу ыкмаларынын бири эсептелген үлүштүк курулушка катышуу айрым үлүшчүлөр үчүн көйгөйлөргө айланууда. Курулуп бүткөн үйлөрдүн сапатынан улам кемчиликтери бар экенине карабастан алардын кантип пайдаланууга өткөрүлүп берилгендиги тууралуу суроолорду жаратууда.

Наталья Шевченко Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан үйдө жашайт. Ал 2011-жылдан бери турак үй ээлеринин шериктештигин (ТЭШ) жетектейт — андан бери ал үйдүн курулуш маалында жол берилген кемчиликтерге бир нече жолу кабылган.

«Үйдүн курулушу 2009-жыл башталган, 2011-жылы ал үйдү кабыл алуу актысына кол коюлган. Анан ошол күндөн тарта көйгөйлөрүбүз башталды», — дейт ал.

Шевченко Kloop.kgнин кабарчыларына беш жыл ичинде үйдүн дубалдарында пайда болгон жаракаларды көрсөттү.

Жаракалардын бири батирдин ичи аркылуу өтөт — сыйпалап көргөндө чапталган туш кагаздын ары жагындагы полдон шыпка чейин вертикалдуу кеткен тегиз эмес бет сезилет.

«Туш кагаздын аркы жагындагы бул жарака үч жыл мурда пайда болгон. Батирдин ээси мени чакырган. Мына эми ал убакыт өткөн сайын чоңойгондон чоңоюп бара жатат», — деди ал.

Шевченко унаа токтотуу жайынын үстүндө жайгашкан төмөнкү кабаттын жашоочуларына сезилип жаткан унаадан чыккан газдын жытына даттанды. Анын пикиринде, автоунаалардын чыккан газдар топтолуп, жогорку кабаттарга көтөрүлүп жаткандыктан болууда.

Kloop.kgнин кабарчылары үй куруудагы аткарылган иштердин сапатына баа берүүсүн өтүнүп кайрылган 35 жылдык иш тажрыйбага ээ курулуш тармагы боюнча эксперт Вадим Хван имараттын пайдубалы нормаларды бузуу менен куюлганын айтты.

«Мында пайдубалы бириккен жерлерин иштеп чыгуу технологияларын бузуу менен куюлганы көрүнүп турат. Мында имараттын сыртынан жасалчу гидроизоляция бузулган. Андан улам көчөдөн өтмө нерселер кирип жатат», — деди ал.

Андан соң Шевченко журналисттерге техникалык кабатты көрсөттү — анда учурда бош турган батир курулган, ал адамдын жашоосуна ылайыкташтырылган.

«Батир чатырдын өзүндө, техникалык кабатта. Аны сатып алган батирдин ээсине мында долбоорсуз да, долбоор боюнча да эч нерсе кылууга болбой тургандыгын эскерткем», — деди Шевченко.

Турак үй ээлеринин шериктештигинин төрайымы ал үйдүн инспекция тарабынан макулдашылып, жактырылган жумушчу долбоорун көрсөттү — анын төмөнкү жагында экспертиза департаментинин жооптуу болгон өкүлүнүн 2011-жылда коюлган кол тамгасы менен мөөрү басылып турат. Долбоорго ылайык, унаа токтотуу жайында желдетүү системасы бар болуп, а техникалык кабатта батир жок болушу керек болчу.  

Архитектор: «Долбоорго башка бирөөлөр кол коюшкан»

Турак жай укуктарын коргоо менен алектенген «Биздин укук» деген коомдук фонддун маалыматы боюнча, үйлөрдү курууда долбоордон четтөө учурлары көп эле кездешет.

Фонддун юристи Болот Өмүралиев долбоордон четтеген учурларда текшерүүчү комиссия үйдү пайдаланууга кабыл алуу актысына кол койбошу керек болгонун айтты.

«Мында комиссия мүчөлөрү тарабынан учурдагы мыйзамдын бузулгандыгы ачык эле байкалып турат», — деди Өмүралиев.

Юристтин айтымында, үйдү кургандар техникалык кабатты батир катары сатпашы керек болчу — ал жерге жетүүгө үйдүн бардык жашоочулары бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуулары керек болчу.

Шаар куруу жана архитектура тууралуу мыйзамдын 40-беренесине ылайык, курулуш объектилерине карата архитектор тарабынан автордук көзөмөл болушу керек.

Нажмите для увеличения
Чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Бул үйдү алсак, документтер боюнча анын архитектору «Аката» фирмасынан Павел Стрельченко болгон. Бирок ал Kloop.kgге курган маегинде бул үйдүн долбоору менен курулушу тууралуу ага бардык иштер аяктагандан кийин белгилүү болгонун билдирди.

«Долбоорлоо жана куруу процесстерине мен катышкан эмесмин. Долбоорго башка адамдар кол коюшкан. Алардын ким экени мага белгисиз. Бул турак үйдү долбоорлоо менен алектенген фирманы мен билбейм», — деди ал.

Балдар аянты үйгө улай салынган имараттын чатырында

Курулуш иштеринин жүрүшүндөгү кемчиликтердин дагы бир мисалы — «Гранд Хауз» фирмасы тарабынан 2014-жылдын аягында пайдаланууга берилген Логвиненко 32 дарегиндеги 12 кабаттуу үй. Анын жашоочулары Лидия Иванова менен Наталья Филенко Kloop.kgнин кабарчылары менен бирге ал үйдү карап чыгышты.

Үй менен таанышуубуз анын чатырынан башталды — чатырдын жыгачтан коюлган тирөөчтөрүндөгү жаракалар көрүнүп турат, чатырдын өзүндө ажырап кеткен жерлери бар, ал аркылуу суу чатырдын астына агып түшөт.

Жашоочулар экинчи кабаттын деңгээлинде үйгө улай салынган имараттын чатырында жайгашкан балдар аянтчасынын курулуш сапатына да ыраазы эмес. Аянтчага алып бара турган тепкичтин чоң баскычтары — үйдүн жашоочуларынын нааразычыгынын дагы бир себеби.

«Бул биздин экстрим-тепкичибиз. Бир жаштан 12 жашка чейинки балдарга ылайыкташтырылган балдар аянтчасына бара турган «коопсуз» жол», — деп какшыктады Филименко.

Аны менен катар долбоорго ылайык, чатырдагы суу түтүк аркылуу балдар аянтчасына агып түшүүсү керек.  

«Мына бул суу агызгыч – карасаңар, ал жөн эле бир тешик. Балдар түшүп кетиши мүмкүн. А негизи ал темир тор менен жабылып же анын капкагы бар болушу керек», — дейт үйдүн жашоочусу.

Кышында балдар аянтчасынын үстүндө үйдүн чатырындагы тоңгон муздар салаңдап турат — бул дагы үйдүн жашоочуларынын нааразычылыктарын жаратууда.

«Чатырдын туура эмес жасалгандыгынан улам мына бул жерде минтип тоңгон муздар салаңдап турат. Бул жерде биздин балдар чуркап ойноп жүрүшөт, а тоңгон муздар — бул өлүм да», — дейт Филименко.

Үйдү жылытуудагы көйгөйлөр

Алгач бул үй тогуз кабаттуу үй катары долбоорлонгон, бирок курулуш процессинин жүрүшүндө кабаттардын санын 12ге чейин жеткирүү чечими кабыл алынган.

Үйдү тургузууга эки башка курулуш компаниясы катышкан, өз кезегинде ал курулуп бүткөн бул үйдүн сапатына таасир эткен — бешинчи жана алтынчы кабаттардын ортосундагы тепкичте чыгып турган жери көрүнүп турат, андан жогору жагындагы дубалдын кыйла жука экени дароо көзгө урунат.

Үйдүн пайдаланууга берилгенине эки жылдан аша элек, бирок анын жашоочуларынын айтымдарында, жылуулук берүү сезону маалында батирлерде дайыма салкын болот. Алардын пикирлеринде, анын себеби — имараттын жылуулук берүү түйүндөрүнө туура эмес кошулгандыгында.

Image-22

Үйдүн жер төлөөсүндөгү жылуулук берүү түтүгүнүн термометри 62 градус жылуулукту көрсөтүп турат, а негизи андагы температура кеминде 70 градус болуусу керек.

Чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз
Чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Имараттын курулушун баштаган компания өкүлү Василий Харьковский алгач үйдү ошол жерге таандык жылуулук берүү түйүнүнө эмес, а Логвиненко жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги түйүнгө кошуу пландалгандыгын айтты.

«Жылуулук берүү түйүнү алгач Фрунзе көчөсүнөн деп пландалган. Ал 7 миллионду түзгөн – биз эсептеп чыкканбыз. […] [Алардын жылуулук берүү түйүнүнө кандай кошкондуктарын] биз билбейбиз. Биз алардын бул объектини кантип тапшыргандыктарын да билбейбиз», — деди ал.

«Бардыгын байкап тура албайбыз»

Ал үйдүн архитектору Владимир Кадола жылуулук берүү түйүнүнө кошуу эмне себептен долбоор боюнча аткарылбаганын билбестигин айтты. Ал бул маселени куруучу компаниянын өзү, анын катышуусусуз эле чечкендигин кошумчалады.

«Ал жөнүндө мен билген эмесмин, аны куруучу компания өзү, биздин макулдугубуз жок эле чечкен. Биз бардыгын байкап тура албайбыз», — деди ал.

7-кичи райондогу жана Логвиненко 32 дарегиндеги үйлөрдү курган «Ата-Строй» жана «Гранд Хауз» курулуш компаниялары менен интервью берип коюуларын өтүнүп, үч аптадан ашык убакыт телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бирок алдын ала макулдашканыбызга карабастан убадаланган жолугушуу болгон жок.

Мамлекеттик көзөмөл органдары күтө туруу позициясын карманышууда. Мамэкотехинспекциянын Логвиненко 32 дарегиндеги үйдү пайдаланууга кабыл алган инспектору Шараф Ачильдиев тапшыруу маалында үй долбоорго дал келгендигин айтты.  

«Жумушчу комиссиянын корутундусу бар. Эгер азыр долбоордон четтөөлөр бар болсо – ал жашоочуларды жайлаштыруу процессинде болгон. 7-кичи район боюнча биз катышкан эмеспиз, аны Мамлекеттик курулуш агенттиги кабыл алган», — деди ал.

«Биздин укук» фондунун башчысы Калича Умуралиева мыйзам бузуу учурлары бирин-серин эместигин айтты.

«Азыр үлүшчүлөр массалык түрдө биздин фондго жардам сурап кайрылып жатышат. Ким күнөөлүү — тапшырык ээлери, жалданма компаниялар, долбоорлордун авторлору жана экотехинспекторлор – үйдү кабыл алгандар. Жашоочулар азыр өздөрүнүн бузулган укуктарын коргоо үчүн мыйзам боюнча сотко кайрылуулары керек», — деди ал.

7-кичи райондогу жана Логвиненко көчөсүндөгү үйлөрдүн жашоочулары мамлекеттик органдарга арыз жазышты. Алардын жыйынтыктары боюнча Мамтехинспекция ички териштирүү иштерин баштады.