Миграция боюнча мамлекеттик кызмат 21-апрелде 500 кыргызстандык Крымда жумуш таба ала тургандыктарын билдирген. Бирок Украина элчилигинин нааразычыгынан кийин кызмат кыргыз жарандарын жумушка орноштуруу боюнча Кыргызстан менен Крымдын ортосунда макулдашуу болгондугу тууралуу маалыматты четке кага баштады.

Миграция боюнча мамлекеттик кызмат 26-апрелде кыргыз жарандарын жумушка орноштуруу боюнча Крымдын жеке компаниясы менен келишимге кол коюлбагандыгын билдирди.

«Андай кайрылууга кызматтын маалыматтык-консультациялык борбору эч кандай жооп берген эмес, анан калса бүгүнкү күнгө чейин кызматташтык тууралуу келишимге кол коюла элек», — деп жазылган билдирүүдө.

Мекеме мындай билдирүүсүн Украина элчилиги Миграция кызматынын аракетин «бейдостук кадам» катары кабыл алып, нааразычылыгын билдиргенден кийин таратты.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын Кыргызстандын жарандарын убактылуу оккупацияланган Украинанын аймагы — Крым Автономдук Республикасына жумушка орноштуруу боюнча аракеттерин Украина менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелерге каршы келген бейдостук кадам катары кабыл алуудабыз», — деп билдирген элчилик.

Украин дипломаттарынын нааразычыгынын жаралуусуна Миграция кызматынын 500 кыргызстандык Ялтада жумуш таба ала тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсү себеп болгон.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төрт жылдыздуу «Ялта-Интурист» мейманканасына төмөнкү багыттар боюнча 500 кызматкерди тандап алуу боюнча макулдашууга келдик: мейманкана жыйноо кызматкери, ашкана жумушчусу, мейманкана аймагын тазалоочу, официант, коомдук аймактарды тазалоочу», — деп жазылган Миграция кызматынын 21-апрелдеги билдирүүсүндө.

Украин дипломаттары кыргыз ТИМине нааразычылык нотасын жөнөтүп, кыргызстандыктар Орусиянын аймагы аркылуу киргендиктери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуулары мүмкүндүгүн эскерткен.