Парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин мүчөлөрү Чыныбай Турсунбековдун төрага кызматына талапкерлигин жактырышты. Парламент буга чейинки талапкерлердин экөөсү тең бирдей сандагы добуштарга ээ болгондугуна байланыштуу төраганы шайлай алган эмес.

Чыныбай Турсунбековдун төрагалык кызматка талапкерлигин парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин мүчөлөрү 26-апрелде жактырышты.

Чыныбай Турсунбеков КСДП фракциясынын лидери болуп эсептелет, анын мүчөлөрү 22-апрелде лидерин төрагалыкка көрсөтүү чечимин бир добуштан колдошкон.

Тема боюнча: Парламент төрагасын шайлоо: Бул эмнеге маанилүү?

Жаңы төрага кезектеги пленардык жыйында шайланат, анда талапкер добуштардын жарымынан көбүнө ээ болушу керек.

Турсунбековдун талапкерлигин «Республика — Ата-Журт», «Ата-Мекен» жана «Кыргызстан» фракциялары колдой тургандыктарын билдиришкен.

Буга чейин парламент төрагасы кызматына «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» фракцияларынын лидерлери талапкерликтерин койгон. Анда алардын экөөсү тең бирдей сандагы добуштарга ээ болуп калышкан. Ага байланыштуу жаңы талапкерлердин катышуусундагы жаңы шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп дайындалгандан кийин 13-апрелде кызматынан кеткен.