Социал-демократтардын башчысы Чыныбай Турсунбеков парламент төрагасы кызматына шайланды. Анын талапкерлигин колдоп 88 депутат добуш берди, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын талапкери Исхак Масалиев 26 добушка ээ болду.

Депутаттардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыгы менен КСДП фракциясынын лидери Турсунбеков парламенттин төрагасы болуп шайланды.

Анын талапкерлиги 88 депутаттын, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын талапкери Исхак Масалиев 26 депутаттын добушуна ээ болду. Дагы үч депутат баарына каршы добуш беришти.

Шайлоонун өттү деп табылышы үчүн талапкерлердин бирөөсү үчүн 60тан ашык депутат добуш бериши керек болгон.

Турсунбеков төрагалык кызматка парламенттеги алты фракциянын төртөөсүнүн колдоосуна ээ болуп турганда көрсөтүлгөн. Анын талапкерлигин социал-демократтар, «Республика — Ата-Журт», «Ата Мекен» жана «Кыргызстан» фракциялары колдошкон.

Бул төраганы шайлоо боюнча депуттардын экинчи аракети болду — 20-апрелде парламент ал кызматка талапкерлер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев бирдей сандагы добуштарга ээ болгондон кийин жаңы шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алган.

Төраганы шайлоо зарылдыгы буга чейинки төрага Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр болуп дайындалгандыгына байланыштуу кызматтан кеткенден кийин жаралган.  

Со-автор: Азамат Каработоев