Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы парламенттин төрагасы кызматына өз талапкерин — Исхак Масалиевди көрсөттү. Жогорку Кеңештеги калган фракциялардын көбү социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбековду колдоп жатышат.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы тарабынан сунушталган Исхак Масалиевдин талапкерлигин парламенттин конституциялык мыйзамдар комитети 27-апрелде жактырды.

Ошентип, бүгүн өтө турган парламенттин төрагасын экинчи жолу шайлоого эки талапкер катталды.

Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков төрагалыкка 22-апрелде сунушталган. КСДПнын ал чечимин «Ата Мекен» жана  «Республика — Ата-Журт» фракциялары колдошкон.

Биринчи шайлоодо төрага кызматына «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» фракцияларынын лидерлери талапкер катары катышышып, экөө тең бирдей сандагы добуштарга ээ болуп калышкан. Андан улам парламент экинчи жолу шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алган.

Жогорку Кеңештин буга чейинки төрагасы Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр болуп шайлангандыгына байланыштуу 13-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кеткен.