БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулардан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгып, аны бошотууга чакырган. Аскаровдун ким экендиги жана анын эмнеси менен белгилүү экендиги тууралуу Kloop.kgнин материалынан окуңуздар.

Эмне болду?

Жогорку сот «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «адам өлтүрүүгө катышуу» айыптары менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгууга макул болду.

А Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — этникалык өзбек — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан укук коргоочу. Ал укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорго арналган макалаларынын аркасы менен белгилүүлүккө жеткен. Аскаров 15 жыл бою «Воздух» деген укук коргоо уюмун жетектеп, милиция тарабынан жасалган мыйзам бузуулар жөнүндө жазып келген.

Ал эмне үчүн соттолгон?

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар маалында кармалган. Укук коргоо органдары аны Бишкек-Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын бири деп билдиришкен. Ал окуянын жүрүшүндө милиционерлер сабалып, кызматкерлердин бири өрттөлгөн болчу.

Базар-Коргон райондук соту Аскаровду «массалык башаламандыктарды уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. Сот 2010-жылдын аягында ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок Аскаровдун өзү тагылган айыптарды мойнуна алган эмес. Анда аны менен бирге дагы сегиз киши соттолгон.

Бул эмнеге маанилүү?

Аскаровдун жактоочулары укук коргоочунун дарегине айтылып жаткан айыптоолордун «негизсиз» экенин бир канча жолу билдиришкен. Күбөлөр Аскаровдун окуя болгон жерде жок болгондугуна ишендирүүгө аракет кылышкан.

Соттун чечиминен кийин укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов ал иш боюнча тергөө иш-чаралары процессуалдык нормаларды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, укук коргоочунун үйүн тинтүү анын ээсинин көзүнчө ишке ашырылган эмес, а иште келтирилген далилдер «ишенерлик болгон эмес».

Жактоочу Аскаровдун толугу менен акталышын талап кылган, бирок Жогорку сот 2014-жылы ишти кайрадан карап чыгуудан баш тарткан.

Аскаровду кимдер коргоп чыгышкан?

Азимжан Аскаровду укук коргоочу жана эл аралык уюмдар коргоп чыгышкан. Алар ишти кайрадан карап чыгып, сот өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен бийликке бир канча жолу кайрылышкан.

Алар укук коргоочуга медициналык жардам көрсөтүлбөй, анын кыйноолорго кабылып жатканын билдиришкен. 2015-жылдын июнунда «Бир Дүйнө Кыргызстан» коомдук биримдиги сот өкүмүн жокко чыгарып, ден соолугуна байланыштуу Аскаровду бошотууну талап кылган.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлиги эл аралык тергөөгө макул болушу керектиги жазылган билдирүү тараткан. Бирок өкмөт ал боюнча жооп бербей, эч кандай аракет көргөн эмес.  

Аскаровдун бошотулушун голливуд актеру Мартин Шин да колдогон, ал интернетке ал баштаган өнөктүккө кошулуу өтүнүчү жаздырылган тасмасын жарыялаган.

Анын ишин эмнеге азыр талкуулай башташты?

2016-жылдын апрелинде БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Кыргызстан бийлигинен Аскаровду бошотуп, аны күнөөсүз деп табууну талап кылышкан. Комитет ал билдирүүсүн соттолгон укук коргоочунун 2012-жылдын ноябрында берген кайрылуусунун негизинде жасаган.

Көз карандысыз эксперттер укук коргоочунун кыйноолорго кабылганын айтышып, Кыргызстандын бийлигин анын даттанууларына эч кандай реакция жасаган эмес деп айыпташкан. Ошондой эле алар тергөөнүн жүрүшүндө Аскаровдун өзүн коргоосуна мүмкүнчүлүгүн бербеген процессуалдык нормалардын бузулганын аныкташкан.

Кыргызстан кандай реакция кылды?

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими «анын (Аскаровдун) күнөөсүз экендигин түшүндүрбөстүгүн», бирок укук коргоочунун ишин карап чыгуу үчүн негиз болуп саналарын билдирген. БУУ комитетинин билдирүүсүнөн үч күн өткөндөн кийин Жогорку сот укук коргоочунун ишин кайрадан карап чыгууга даяр экенин билдирген.

Аскаров тууралуу дагы эмнелерди билүү керек?

Аскаровдун иши АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжалга себеп болгон. 2015-жылдын июлунда АКШнын мамлекеттик департаменти аны «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлаган.

Кыргыз өкмөтү Мамлекеттик департаменттин ал аракетине нааразы болуп, ал эки өлкө ортосундагы «достук мамилелердин деңгээлине туура келбестигин» билдирген. Дипломаттар америкалык өкүлчүлүккө нааразычылыгын нотасын жөнөтүшкөн. Андан соң 2015-жылдын августунда Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы кызматташтык тууралуу эки тараптуу базалык келишимди бузган.

azimzhan-kartina

Андан мурда чехиялык «Человек в беде» фонду укук коргоочуну адам укуктары үчүн күрөшүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн деп сыйлаган. Ал ошондой эле 2012-жылы Журналисттерди коргоо боюнча комитеттин «Маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн» сыйлыгын алган.

Аскаров тууралуу документалдык тасма «Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивалындагы жаңжалга да себеп болгон. Анда (2013-жылдын сентябрында) белгисиз адамдардын тобу тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан.