Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болуп шайланды. Партиянын мурдагы лидери Чыныбай Турсунбеков парламент төрагасы болгондон кийин фракция мүчөлөрү Өмүркуловдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Парламенттеги КСДП фракциясы кезексиз жыйынында жаңы лидерин шайлады. 28-апрелде фракция мүчөлөрү Иса Өмүркуловдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Өмүркуловдун талапкерлигин жакында эле парламенттин төрагасы болуп шайлангандан кийин лидерликтен кеткен фракциянын буга чейинки лидери Чыныбай Турсунбеков сунуштаган.

Турсунбековго шилтеме жасоо менен КСДПнын расмий сайтында жазылгандай, «Өмүркулов парламентте иштөө тажрыйбасына ээ жана кесиптештеринин арасында абройго ээ».

Өмүркуловдун өзү «көрсөтүлгөн ишеним» үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, «бул кызмат аны көп нерсеге милдеттендире тургандыгын» айтты.

Мурда Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри кызматында иштеген. Бишкек шаардык кеңеши аны 2011-жылы шайлаган.

Анын мэр болуп тургандагы ишмердүүлүгү бишкектиктердин арасында түрдүү пикирлерди жараткан сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана шаарда инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, экинчи тарап мэрди колдоп, ал иштеп турганда борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилешкен.

Өмүркуловдун калаа башчысы кызматында иштегенине эки жыл болгондон кийин Башкы прокуратура аны жеке тараптарга жер тилкелерин мыйзамсыз берген деп айыптап, ага каршы кылмыш ишин козгогон. Бишкек шаардык соту Өмүркуловду актап, аны күнөөсүз деп тапкан.

Ал мэрликтен 2013-жылы өз каалоосу менен кеткен.