Америкалык SpaceX жеке авиакосмикалык компаниясы Марска космос кемесин жеткирүүнү пландап жатат. Red Dragon деген аталыштагы пилотсуз кеменин учуусу 2018-жылы ишке ашырылат.   

SpaceX Марска космос кемесин учура тургандыгы жөнүндө Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу 27-апрелде билдирди.

Red Dragon деген аталыштагы пилотсуз кеме алгачкы сыноо учуусун 2018-жылы аткарат. SpaceX башчысы Илон Масктын айтымында, кийин компания Dragon 2 деген экинчи кемени иштеп чыгат жана ал «Күн системасынын каалаган жерине» барып коно алат.

Ошондой эле Red Dragonдун Эл аралык космос станциясына жабдууларды жеткирүүсү да болжолдонууда. Андан сырткары ал астронавттардын компания жакынкы он жылдык ичинде ишке ашырууга белсенип жаткан кийинки кемелерди кондуруу процедураларын изилдөөсүнө мүмкүндүк берет.

НАСА космикалык борборунан «Рейтер» маалымат агенттигине алар SpaceXке техникалык колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришкен. Борбордун өкүлдөрү НАСА компанияны баалуу материалдар менен камсыз кыла ала тургандыгын, бирок аларга каражат жактан жардам берүүнү пландабагандыктарын, анткени Марсты багындыруу үчүн өз космикалык жабдууларына инвестиция салып жаткандыктарын белгилешкен.

Кемени учуруу тууралуу кененирээк маалыматты компания 2016-жылдын сентябрында, астроновтика боюнча эл аралык конгрессте берүүнү убадалады.

SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation)— космос ракеталарын өндүргөн америкалык жеке компания. Аны PayPal төлөө системасынын ээси жана Tesla Motors автоунаа компаниясынын башкы директору Илон Маск негиздеген. Ал өз алдына космикалык учууларга кеткен чыгымдарды азайтуу максатын койгон.

Компания Эл аралык космос станциясындагы запастарды толуктоо жана ал жерге жабдууларды жеткирүүгө арналган Falcon 1 жана Falcon 9 космос ракеталарын, ошондой эле Dragon космос кемесин иштеп чыккан.

8-апрелде SpaceX тарыхта биринчи жолу өзүнүн Falcon 9 ракетасынын биринчи баскычын Атлантика океанындагы калкыган платформага кондура алды. Компаниянын эсептөөлөрү боюнча, бул ракеталарды учуруудагы чыгымдарды кыйла кыскартуусу мүмкүн — SpaceX ракеталардын алгачкы баскычтарын бир канча жолу пайдалануу ниетинде, учурда алар Жер орбитасында космикалык таштанды катары биротоло калып келишет.

Буга чейин SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск Марска 2020-2025-жылдары кеме учуруу үмүтү бар экенин билдирген.