Бишкек мэриясы 29-апрелде белгилене турган шаардын 138 жылдыгына карата майрамдык куттуктоо видеотасмасын жарыялады. Ага борбордогу мектептердин 1500 окуучусу, Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана муниципалитеттин кызматкерлери катышышкан.

Борбордун мэриясынан Kloop.kgге билдиришкендей, Бишкектин 138 жылдыгына арналган куттуктоо видеотасмасы 25-апрелде, Жеңиш аянтында тартылган.

Ал видеого борбордогу мектептердин 1500 окуучусу катышкан — анда алар аянтта бийлешип, Бишкектин гимни эсептелген «Бишкегим» ырын ырдашкан.

Видеотасмага алардан сырткары борбордун мэри Албек Ибраимов менен шаардын муниципалитетинин жетекчилери да тартылышкан:

Бишкекте шаар күнү 29-апрелде белгиленет — быйыл Кыргызстандын борборуна 138 жыл болот.

Ал күнү шаарда майрамдык концерттер, спорттук иш-чаралар өтүп, оргумалардын (фонтандардын) сезону ачылат, а каттамга муниципалдык жаңы 10 автобус чыгат. Муниципалитеттин кызматкерлери эки жаңы бала бакча ачууну пландап жатышат.