29-апрелде АКШнын Жогорку соту Жазык-процессуалдык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, судьялар укук коргоо органдарына колдонуучулардын компьютерлерине кирүүгө уруксат бере алышат. Ал уруксат чет өлкөлөрдө жайгашкан компьютерлерге да тиешелүү болот.

АКШнын Жогорку сотунун төрагасы Жон Робертс өлкөнүн Кылмыш-процессуалдык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү Конгресске жөнөттү. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, судьялар Федералдык тергөөлөр бюросуна (ФБР) колдонуучулардын компьютерлерине кирүүгө уруксат бере алышат. Кирүү мүмкүндүгү каалаган компьютерге, анын ичинде чет өлкөлөрдө жайгашкандарына да тиешелүү болот.

Соттун чечими боюнча, конгрессмендер америкалык мыйзамга өзгөртүүлөрдү 2016-жылдын 1-декабрына чейин киргизүүлөрү керек болот. Эгер андай болбосо ал автоматтык түрдө күчүнө кирет.

Эл аралык Reuters маалымат агенттиги Юстиция министрлиги 2013-жылдан бери бул өзгөртүүлөрдүн киргизилишине аракет кылып келгендигин жана сот жарандык активисттер менен укук коргоочулардын нааразычылыктарына карабастан чечим чыгарганын жазды.

Буга чейин Жарандык эркиндиктер үчүн америкалык биримдиктин өкүлдөрү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү «ФБРдин массалык чабуулдарды жасоо мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейте» тургандыгын билдиришкен.

Активисттерден сырткары демилгеге Google жана Microsoft сыяктуу коммерциялык компаниялар да каршы болушкан. Microsoft корпорациясы 2016-жылдын 14-апрелинде колдонуучулардын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүндүгүн берүү жашыруун тинтүүгө тыюу салган АКШ Конституциясына каршы келе тургандыгын билдирип, өлкөнүн өкмөтүн сотко берген.

Америкалык депутат Рон Видендин пикиринде, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр америкалыктардын жеке жашоолоруна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Өкмөт эми бир уруксат алуу менен миңдеген, миллиондогон компьютерлерге кирүү мүмкүндүгүн алат. Аны менен катар ал компьютерлердин басымдуу бөлүгү кылмышкерлерге эмес, а курмандыктарга тиешелүү болот», — деп билдирди Роден.