29-апрелде жаан-чачындуу аба ырайынан улам Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 18 кабаттуу үйдүн конструкциясынын бир бөлүгү урап түштү. Имаратты тургузуу иштери курулуш компаниясы мамархитектурага объектини бекемдөө боюнча жаңы долбоорун көрсөткөнгө чейин убактылуу токтотулду.

Киев көчөсүндөгү имараттын бир бөлүгүнүн урап түшкөндүгү тууралуу 29-апрелде күбөлөр кабарлашты. Алардын айтымдарында, анда «Бай Таш Групп» деген жеке компания тарабынан курулуп жаткан 18 кабаттуу үйдүн конструкциясынын бир бөлүгү урап түшкөн.

Компания өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде конструкциянын урап түшүүсүнө курулуп жаткан объектидеги жердин бир бөлүгүн жууп кеткен жаан-чачындуу аба ырайы себеп болгонун айтышты.

«Бул кадимки эле курулуш процесси, биз себептерин жоюп жатабыз. Имараттын каркасынын өзү турат, ал бекем. А бул каптал жагындагы жер болсо аба ырайына байланыштуу желип кетти», — деди «Бай Таш Групптун» төрагасынын орун басары Венера Батырканова.

Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү Kloop.kgге курулушта жаан-чачындуу аба ырайынан улам конструкция бөлүктөрү (траншеянын боору) урап түшкөн учурлар көп эле кездеше тургандыгын айтышты.

«Жаан-чачындуу аба ырайынан улам эртең менен траншеянын боору урап кеткен. Үйдүн өзү эмес, а конструкциясынын бөлүгү гана урап түшкөн», — деди Мамэкотехинспекциянын архитектуралык жана курулуш көзөмөлү башкармалыгынын жетекчиси Таалай Ашырбаев.

Анын айтымында, компания тарабынан курулуш эрежелери бузулган эмес, бирок компания объектини бекемдөө боюнча жаңы долбоор бергенге чейин андагы курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Тема боюнча: Курулуш маалында кемчиликтерге жол берилген үйлөр эмнеге пайдаланууга кабыл алынууда?

«Бай Таш Групп» компаниясынын өкүлү Венера Батырканова конструкция бөлүгүнүн урап түшүүсүнө жер алдындагы үч деңгээлдүү унаа токтотуу жайы үчүн казылган терең котлован себеп болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Бишкекте курулуш компаниялары унаа токтотуу жайы үчүн үнөмдөшүп, үч деңгээлдүү унаа токтотуу жайларын курушпайт. Бизде үч деңгээлдүү унаа токтотуу жайы болушу керек болчу, ошондуктан котлован 20 метрге жакын тереңдикте болгон. Эгер котлованы эки-үч эле метр болгондо, анда мындай болмок эмес», — деди Батырканова

Ал бул сыяктуу кырсыктарда адамдар өлгөн учурлар көп болорун кошумчалады.

«Курулушта мындай учурлар көп болот. Адам өмүрүнө зыян алып келген учурлар да кездешет. Бизде адам каза болбогону жакшы болду. Курулуштун өзүндө эч кандай көйгөй жок, биз техникалык көзөмөлдөн өтүп, эч кандай эреже бузууга барбайбыз», — деди ал.

Видео: Александра Ли