Тажикстандын жашоочусу Шахноза Ниёзованын Нооруз майрамына катышуусуна жана өлкө президенти Эмомали Рахмонго эл алдында кайрылуусуна уруксат беришкен эмес. Жергиликтүү бийлик уруксат бербей койгондуктарынын себебин бир айдан кийин түшүндүрүштү. Алардын билдирүүсү боюнча, кыз «арийлердин көрүнүшүнө, шыңга бойго жана ачык дикцияга» ээ эмес болгон.

Тажик бийлиги Согди облусунун жашоочусу Шахноза Ниёзованын 23-мартта белгиленген Нооруз майрамы маалында президент Эмомали Рахмонго кайрылуусуна уруксат берген эмес.

Ниёзованын айтымында, жергиликтүү бийлик анын сурамына жооп катары «өлкө башчысы алдында сүйлөө үчүн арий көрүнүшүнө, шыңга бойго жана ачык дикцияга ээ болуу керектиги» жазылган кат жөнөтүшкөн.

Борборазиялык CA-News жаңылыктар кызматы «арий көрүнүшүнө» көбүнчө Согди облусунун жашоочулары туура келе тургандыгын жазды.

«Аларды чыныгы тажиктер жана «арий расасынын» тукуму деп эсептешет… Тоолуу-Бадахшан автономдук облусун жердеген калк арасынан эч кыйынчылыксыз эле «арий көрүнүшүндөгү» адамдарды табууга болот. Памирдеги тажикстандыктар өзүлөрүн «чыныгы арийлер» деп тамашалашат», — деп жазды агенттик.

Ниёзованын өзү анын кайрылуусуна «атасынын өлүмү тууралуу айтып жибериши мүмкүн» деп чочулагандыктан уруксат беришкен эмес деп эсептейт. Кыздын атасы 1998-жылы, Худжантка басып кирүү маалында каза болгон.

«Тандоо маалында мен бийлик өкүлүнүн бул кыз оор күндөрдү башынан өткөргөн, атасынын өлүмү тууралуу айтып жибериши мүмкүн деп айтканын уккам. Андан сырткары алар мени президенттен үй сурашы мүмкүн деп ойлошкон», — деди ал жергиликтүү «Озодагон» маалымат агенттигине курган маегинде.

«Озодагон» жаштардын президент менен жолугушуусу үчүн талапкерлер сынактын негизинде тандалганын билдирүүдө — анда 30 кишинин ичинен үчөөсү гана өткөн. Шахноз Ниёзова ал тизмеде бар болгон, бирок кийин анын фамилиясы жок болуп чыккан.

«Президентке кайрыла тургандардын түзүлгөн тизмесинде менин да фамилиямдын бар экенин өз көзүм менен көргөм, бирок кийин өчүрүп салышыптыр», — деп жазды «Озодагон» Ниёзованын айткандарын.