«Кумтөрдөгү» тинтүү иштеринен кийин компаниянын жетекчилери өлкөдөн чыгып кетишти. Башкы прокуратура эгер алар тергөө иш-чараларына келишпесе, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясынын вице-президенттери Лесли Лоу менен Марк Бертон 29-апрелде Кыргызстандан чыгып кетишти. Күн мурун укук коргоо органдары тарабынан компаниянын кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн болчу.

«Кумтөрдүн» расмий сайтында өлкөдөн чыгып кеткен кызматкерлер компания президентинин каржы, жабдуу жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басарлары экендиги көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратурадан Kloop.kgге эгер компаниянын менеджерлери тергөө иш-чараларына келишпесе, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдиришти.

«Азырынча аларга издөө жарыялаган жокпуз, бирок эгер тергөө иш-чараларына келшпесе, анда прокуратура «Кумтөрдүн» жетекчилерине карата чараларды көрөт», — деп билдиришти Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

«Кумтөрдүн» өкүлдөрү дем алыш күн экенин айтышып, түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Күн мурун мекемелер аралык тергөө тобу компаниянын кеңсесинде тинтүү иштерин өткөргөн. Ал өлкөдөн 200 млн. долларды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу болгон. Тинтүү иштеринен кийин тергөө тобу «Кумтөрдүн» жетекчилиги менен кызматкерлерин суракка алып баштаган.

«Кумтор Голд Компани» — толугу менен канадалык Centerra Gold Inс корпорациясына таандык болгон алтын өндүрүү компаниясы. Кыргызстан болсо Centerraнын акцияларынын дээрлик 33%на ээлик кылат.

«Кумтөрдүн» кеңсесиндеги тинтүү иштеринен кийин Centerraнын акцияларынын баасы 8,7%га төмөндөгөн. Бир сутканын ичинде андагы кыргыз акцияларынын пакети 44 млн. АКШ долларына арзандап кеткен.