Суроо-талапка ээ эместик жана айлык акынын төмөндүгү — миграциянын жана Кыргызстандагы жумушчу күчтүн жетишсиздигинин башкы себептери. Расмий маалыматтар боюнча, Орусиядагы кыргыз мигранттарынын 250 миңден ашыгы — бул жаштар.

Адилет 24 жашта. Ал Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин информатика факультетин аяктагандан кийин Москвага иштегени кеткен.

«Университетти 2014-жылы аяктадым. Бишкекте өз кесибим боюнча жумуш издеп көрдүм, бирок жаңы баштаган програмисттер аз акча табышат экен. Мен биринчи кезекте келечек тууралуу, тез жыйынтыктар тууралуу ойлонуп, көпкө күткүм келген жок. Анан ошол эле жылы Москвага келип, 2015-жылга чейин официант болуп иштедим. Жакшы акча иштеп тапчумун — чай ичип кой деп берилген акчаны кошуп эсептегенде 45 миң рубль», — деди ал.

Официант болуп иштөө аны «бир түрдүүлүгүнөн» улам тажатып жиберген, ошондуктан Адилет «Орифлейм» тармактык бизнесине кеткен.

«Анда биз негизинен кыргызстандыктар менен иштечүбүз. Биз бири-бирибизди колдоп турчубуз. Мен жакшы иштеп, чоң товар жүгүртүлүшү болуп, сегиз айдан кийин «Орифлеймдин» директору [компаниянын баскычтуу сатуусунун тепкичтеринин бири — ред. түшүндүрмөсү] болдум. Айлыкты 21 күндө бир 1000 доллардан алып атам. Мында бир аз иштеп, акча топтоп, эки жылдан кийин Кыргызстанга барып өз бизнесимди ачсамбы деп жатам», — деди ал.

«Өлкөдөгү айлык акынын аздыгы»

Кыргызстандыктар жогорку окуу жайларынын дипломдорун алышат, бирок айлык акысынын аздыгы жана жумушчу орундардын жетишсиздигине байланыштуу жумуш издеп коңшу өлкөлөргө кетип жатышат. Мындай маалыматтарды Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматы келтирүүдө.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Айсулуу Исабекова расмий маалыматтар боюнча Орусияда 506 миң, Казакстанда 112 миң, а жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө 30 миңге жакын кыргызстандык бар экенин айтты.

Бирок чет өлкөлөргө кетип жаткандардын 70%га жакынын жаштар түзөт, дейт жаштар эмгек биржасынын директору Азиз Идрисов. Ал миграциянын башкы себеби деп өлкөдөгү айлык акынын аздыгын эсептейт.

«Жаштар көптү каалашат, бутка туруп, өзүнүн материалдык абалын жакшыртып алууну самашат. Жогорку окуу жайларын аяктагандыктарына карабастан анда (чет өлкөлөрдө) кара жумушта иштеп жүргөндөр көп», — деди ал.

Идрисовдун айтымында, эмгек рыногунда суроо-талапке ээ эместигине байланыштуу өз адистиги боюнча жумуш таба албай кеткендер да көп.

«Бизде мындай учурлар көп, юридикалык же экономикалык факультеттерди аякташып, бирок адистиги боюнча жумуш таба алышпайт. Бул тармактар боюнча жумушчу орундар аз, ошол эле маалда агрардык жана өнөр жай тармактарында бош орундар көп, бирок жумушчу күчү жок», — дейт ал.

Жумуш издеп табуу жөндөмсүздүгү жана юристтер менен экономисттердин көп болуп жатышы — жаштардын жумушсуздугунун себептери.

«Жакшылап издесең, дайыма табасың»

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын өлкөдөгү жогорку окуу жайлар 40 миңден ашык жогорку билимдүү адистерди окутуп чыгарышат, бирок алардын 32 гана пайызы өз адистиктери боюнча жумуш табышат. Азыр Кыргызстанда экономисттер менен юристтер ашыкча санда.

Жаштарды жумушка орноштуруу бюросунун эксперти Мураталы Үчкемпиров учурда Кыргызстандагы жумушсуздуктун жалпы деңгээли 12%ды түзөрүн, алардын жарымы — ишке жарамдуу курактагы жаштар экенин белгиледи.

Айтымында, жаштар менен иштеген 10 жылдык иш тажрыйбасында ал жумушка орноштурууда көйгөйдүн бир катар себептерин аныктаган:

Жумушсуздуктун биринчи себеби — айлык акысынын аздыгынан улам иштегилери келбейт.

«Жаштар [жумушка орношуу үчүн] келгенде дароо эле айлык акысынын канча экенин сурашат, бирок алгач иштеп, жыйынтык көрсөтүү керек го. Жумуш, бош орундар бар, бирок айлыктарынын аздыгынан улам жаштардын өзүлөрүнүн жумушка орношкусу келбейт, алар чоңураак бир нерсени каалашат».

Экинчи себеби — ийгиликсиздиктер менен ишинин ордунан чыкпай калуусун көтөрө билбегендик.

«Жаштар бүт баарынын тез жана бир убакта болушун каалашат, жыйынтыктарга тез жеткилери келишет. Эгер алар бир нерсени кыла албай калышса, ортолоп калган ал ишти дароо таштап, башкасына киришишет — анан ошентип биринен экинчисине секирип жүрө беришет».

Көйгөйдүн үчүнчү себеби — жаштардын жумуш издөөдөгү бышыктыгынын жоктугу.

«Жаштар жумуш издеп табууга жөндөмсүз. Начар издешет. Эгер жакшылап издесе, дайыма табууга болот. Көбүнчө учурларда алар окууну аяктагандан кийин жумуш өзү эле келет деп ойлошот, бирок азыр чоң атаандаштык бар».

Төртүнчү себеп — жумушка орношууда жаштардын байланыштары менен акчага үмүттөнүүсү.

«Жаштардын көбү акчанын жардамы менен жумушка орношууга болот деп ойлошот, тактап айтканда, алар окуп жүргөндө сабактарга барбай, жакшы окушпайт. Мында билим берүүнүн сапаты тууралуу айтпайбыз, ал адамдардын өзүлөрүнө жараша болот. Жакшылап балдардын көзүн ачып, кимдир бирөөнө же башка нерселерге үмүттөнбөө керектигин айтуу зарыл».

Мектептен баштап даярдоо

Мураталы Үчкемпировдун айтымында, жыл сайын июнь айында билим жарманкеси өткөрүлүп, жаштарга жогорку окуу жайларындагы түрдүү адистиктер тууралуу маалымат берилип турат.

Андан сырткары эки жыл мурда жумушка орноштуруу бюросу «Инстрим» коомдук фонду менен биргеликте жаштардын бош орундарды табуусуна багытталган такшалма (стаждан өтүү) программасын иштеп чыккан.

«Азыр ал программага катышууну каалагандардан билдирмелерди кабыл алуу жайлары болуп 52 жаштар борбору эсептелинет. Аларда билдирмелер чогултулуп, банктарга, мамлекеттик мекемелерге жана стаждан өткүсү келгендери жумушка алууну каалагандарга жөнөтүп турушат», — деди ал.

Такшалма программасына катышуу үчүн «Инстримдин» сайтына кирип, андагы нускамаларды аткаруу гана жетиштүү. Студенттер менен жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү гана эмес, мектеп окуучулары да стажер боло алышат.

Жаштардын жумушка орношуусунда көйгөйлөрдүн жаралбашы үчүн Үчкемпиров балдарды келечектеги адистигине мектеп курагынан тарта даярдап баштоону сунуштайт.

Жаштар эмгек биржасынын директору Азиз Идрисов анын бул пикири менен макул жана балдарды кесип тандоого болушунча эртерээк даярдап баштоо керек деп эсептейт.

«Балдарга эмгек рыногунда эмне болуп жаткандыгы жана артыкчылыктарга ээ кесиптер тууралуу мектепте окуп жүргөн кезинде эле айтып берүү керек — алар агрардык, тоо кендерин иштетүү жана туристтик тармактар. Такшалма курстарынын түрдүү программаларын өткөрүп, приоритеттүү тармактарда жумушчу орундарын түзүү керек», — деди ал.