Тажикстандын бийлиги калкты «тарыхый атоолорго» кайтып, фамилиялардын аягындагы «-ов, -ова» деген орусча аякталыштардан баш тартууга чакырды. Өкмөт андай өзгөртүүлөрдү фамилияларды «тажиктештирүү» максатында киргизди.

Тажикстандын бийлиги калкты «тарыхый атоолорго кайтууга» чакырып, жарандык абалдар актысын каттоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жаңы эрежелер боюнча, өлкөдө төрөлгөн баланын фамилиясы атасынын атынан жазылат жана сөз жасоочу «-и, -зод, -зода, -он, -ён, -иён, -ёр, -ниё, -фар» деген тажик мүчөлөрүнөн турат.

Мыйзамдан алынган үзүндүдө «мамлекеттик каттоодон өтүүдө ар бир адам улуттук тажик маданиятын эске алуу менен фамилияга жана ысымга ээ болууга укуктуу» деп жазылган.

Жарандык абал актыларын каттоо башкармалыгынын өкүлү Жалолиддин Рахимов «Озоди» басылмасына курган маегинде жаңы эреженин максаты «фамилияларды тажиктештирүү» болуп эсептелерин айткан.

«Эгер абал өзгөрбөсө, анда 10 жылдан кийин биздин балдар эки топко бөлүнүп калышат, бирөөлөрү өзүлөрүнүн тажик ысымдары менен сыймыктанышат, а экинчилери – башкалардын ысымдарын алып жүрүшөт. Биз улуттук жана патриоттук сезимдерге ээ болушубуз керек», — деди ал.

Рахимов бул тажик улутундагыларга гана тийиштүү болорун белгиледи. Орус тилине мүнөздүү мүчөлөр уланган фамилияга ээ адамдар үчүн мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр сунуштоо мүнөзүнө ээ.

«Эгер баланын ата-энесинин фамилиялары мисалы, «-ов», «-ев» — Петров, Каримов деп аяктаса, алар ал фамилияны балдарына берүүгө укуктуу», — деп билдирди ал Орусиянын «Интерфакс» басылмасына курган маегинде.

Фамилиясы менен атынын тажикче кандай болорун билүүнү каалагандар үчүн «Настоящее время» басылмасы «фамилияларды тажиктештирүү» сервисин ишке киргизди. Эгер ал ресурска ишене турган болсок, бул макаланын автору Айжамал Мураталиеваны Тажикстанда Айжамал Мураталыйён деп аташмак.

Өкмөт «Жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү 2016-жылы алып чыккан.

Алгач бул демилгени президент Эмомали Рахмон көтөрүп чыгып, фамилиялардын жазылышын совет бийлигине чейинкидей кылып атасынын атынан жазууну калыбына келтирүүгө чакырган.

Орусия өкмөтүндөгүлөр бул демилгеге ар түрдүүчө реакция кылышты. Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин мүчөсү Илья Дроздов нааразычылыгын билдирип, «Тажикстандагылар совет мезгилинде орус тилин кандай билгендиктерин эстеши үчүн чек араларды жаап, виза режимин киргизип коюу гана жетиштүү болорун» айтты.