Бакалавриаттан баш тартып, мамлекеттик кызматкерлерди гана окутуу — Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы өз программасын ушундай кылып өзгөртүүнү каалайт. Өзгөрүүлөр тууралуу акыркы чечим 10-майда белгилүү болот.

Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик кызматкерлерди окутууга басым жасап, студенттерди бакалавриатка кабыл алуудан баш тартууну каалайт. Бул тууралуу 2-майда депутат Дастан Бекешевдин твиттер-билдирүүсүнөн белгилүү болду.

«Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы студенттерди кабыл албайт, а мамлекеттик кызматкерлерди окутуу менен алектенет!» — деп жазды ал.

Окуу жайдын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге курган маегинде академия азырынча студент-бакалаврларды окутуудан баш тарта электигин, бирок кийикинки окуу жылынан тарта ошондой кадамга барууну пландап жатканын айтты. Ал бул боюнча чечим чыга электигин, ал өзгөртүүлөр тууралуу акыркы чечим 10-майда белгилүү болорун белгиледи.

«Жаңы окуу жылынан баштап бакалавриат программасы жок болот деп пландалууда, магистратура программасы гана болот. Силер билгендей, магистратура — жогорку окуу жайдын негизинде окутуу. Магистранттар негизинен — бул мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштеп жаткандар», — деди ал.

Усупбаеванын айтымында, Кыргызстанда жогорку билим бере турган университеттер менен институттар жетиштүү.

«Бул туура болот, анткени азыр студенттерди тигил же бул тармактардагы адистиктерге даярдаган жогорку окуу жайлар ансыз деле көп. А Башкаруу академиясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулата турган элитардык жогорку окуу жайы болушу керек», — деди басма сөз катчы.

Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын магистрдик программа боюнча окутуучусу Зарина Макеналиева Kloop.kgге академиянын бакалавриаттан баш тартышы мүмкүндүгүн ырастап, окуу жайдын ал чечимин колдоп, аны кыйла натыйжалуу деп эсептей тургандыгын билдирди.

«Статистика студент-бакалаврлардын жарымынан көбүнүн мамлекеттик кызматкер болбостугун көрсөтүүдө. Менин оюмча, мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткандарды окутуу чарасы натыйжалуу болмок» , — деди ал Kloop.kgге.

Макеналиева бакалавриаттан баш тартууда окутуучулардын санын кыскартуу маселеси көтөрүлбөгөнүн кошумчалады. Бирок анын айтымында, магистрдик программаны кеңейтүү жана мамлекеттик кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча талкуулар болгон.

«Академияда магистрдик программа менен мамлекеттик кызматкерлерди кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүүгө милдеттендирген жогорку башкаруу мектеби бар. Ошондой эле муниципалдык кызматкерлер үчүн программалар бар, анда түрдүү айыл өкмөттөрүнөн адистер академияда бир жыл окууга жөнөтүлүшөт», — деди окутуучу.

Башкаруу академиясынын магистрдик программасынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген студенттеринин бири мамлекеттик кызматкерлер академияга карьералык тепкичтен жогорулоо үчүн тапшырышат деп эсептейт.

«Негизинен программа толугу менен мамлекеттик кызматкерлерге багытталган деп айтпайт элем. Анда кызыктуу жана нормалдуу программалар болгон, бирок чынында эч кандай деле билим жок, мамлекеттик кызмакерлердин көбү келечекте кандайдыр бир чин алып, кызматынан жогорулоо үчүн тапшырышат», — деди ал.

Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы 1997-жылы Бишкектеги Эл аралык менеджмент жана бизнес мектебинин базасында түзүлгөн. Учурда академия беш институт, эки факультет жана бир техникумдан турат, аларда 200дөн ашык окутуучу эмгектенет.

Академия мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортоңку жана жогорку баскычтагы жетекчилерин даярдоо жана алардын квалификацияларын жогорулатуу максатында ачылган.