Ишембиден жекшембиге караган түнү дүйнөнүн бардык православ чиркөөлөрүндө христиандардын эң башкы майрамдарынын бири болуп эсептелген Пасхага карата сыйынуулар болуп өттү. Kloop.kgнин кабарчысы Бишкектеги Владимир чиркөөсүндөгү сыйынуу жөрөлгөсүндө болуп кайтты.

1-майга караган түнү бишкектик христиандар Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил тарабынан Пасха майрамына карата сыйынуу өткөрүлгөн борбордогу Владимир чиркөөсүнө чогулушту.

IMG_3017

IMG_2864

IMG_2955

Пасхалык инжил китеби 11 тилде окулду: чиркөө-славян, орус, грек, украин, беларус, болгар, кыргыз, казак, латын, англис жана немис тилдеринде.

IMG_2961

IMG_3025

IMG_3039

Ошондой эле ал түнү чиркөөгө келген христиандар чиркөөнү айланып, икона көтөрүп жүрүш жасашты.

IMG_3221

IMG_2901

Пасха — жаз айларында, Иисус Христостун тирилген күнүнүн урматына карата майрамдалчу христиандардын эң маанилүү майрамдарынын бири.

IMG_3071

IMG_3002

IMG_3030

Андан сырткары Пасха православиедеги эң узун орозо менен түздөн-түз байланышта — ал Улуу орозо деп аталат жана ушул майрам менен аяктайт.

IMG_3068

IMG_3076

Пасха алдында христиандар сыйынып, сүйрү нандар менен жумурткаларга касиет киргизүү үчүн чиркөөгө барышат. Жумуртка Пасханын эң башкы белгилеринин бири катары эсептелет.

IMG_3128

IMG_3130

IMG_3245

Пасха майрамына карата сыйынуу жөрөлгөлөрү түнкү саат 11де башталып, таңкы саат 7ге чейин созулат.