Түндүк Корея 6-майда баштала турган башкаруу партиясынын съездине байланыштуу жарандарынын салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүсүнө убактылуу тыюу салды.

Түндүк Корея жарандарына салтанаттуу иш-чараларды, анын ичинде үйлөнүү тойлору менен тажия өткөрүүгө (сөөк коюуга) убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу жеке булактарына шилтеме кылып жазган түштүк кореялык ЖМКлардын билдирүүлөрүнөн белгилүү болду.

Тыюу салуу 6-майда баштала турган Эмгек партиясынын съездинин алдындагы коопсуздук чараларын күчөтүүгө байланыштуу. Ал партиянын акыркы 36 жылдан берки алгачкы жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын катышуусундагы биринчи съезди болот.

Түштүк кореялык ЖМКлардын маалыматтары боюнча, Түндүк Кореянын бийлиги «алдыдагы салтанаттарды бузуп, өлкөнүн образына терс таасирин тийгизи мүмкүн болгон бардык окуялардын алдын алууга» аракет кылып жатат.

«Түндүк Кореяда күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлүүдө, Кытай менен болгон мамлекеттик чек арадагы көзөмөл, ошондой эле жарандарынын өлкө ичинде жылып жүрүүсүнө көзөмөл күчөтүлдү, Пхеньянга кирүү чектелди», — деп жазды ТАСС түштүк кореялык KSB радиостанциясына шилтеме кылып.

Түштүк кореялык DailyNK басылмасы Түндүк Кореядагы жеке булактарына шилтеме кылуу менен бийлик өлкөнүн борборунда иштеп же жеке жумуштары менен жүргөн бардык жарандарга өз үйлөрүнө кетүүсүн буйрук кылганын билдирди.

«Күн өткөн сайын алар үрөй учурган атмосфераларды түзүп жатышат. Коопсуздук министрлигинин кызматкерлери кимдин өз үйүндө жүрбөгөндүгүн текшерүү үчүн жөнөкөй жарандардын гана эмес, а мейманкалардын номурларын да карап жүрүшөт», — деп билдирген булак DailyNK басылмасына.

Съездин жүрүшүндө партия Борбордук комитеттин жана Борбордук ревизиялык комиссиянын аткарган иштеринин жыйынтыктарын чыгарат, ошондой эле партиянын саясатынын, стратегиясынын жана тактикасынын башкы маселелери боюнча чечим кабыл алат.

Алдыдагы съезд 6-январда Пхеньян өзөктүк сыноо өткөрүп, 7-февралда ракета-алып жүрүүчүсүн учургандан кийин курчуган Корей жарым аралындагы абалдын фонунда өтөт.

Корея Элдик Демократиялык Республикасы — Түндүк-Корей жарым аралында жайгашкан мамлекет. Анын бийлиги жарандарынын укуктарын бузууга бир канча жолу айыпталган. Өлкө эл аралык укук коргоо уюмдарынын отчетторунун рейтингинде акыркы орундарга жайгаштырылган.

Буга чейин Түндүк Кореяда пирсингге тыюу салынып, жынсы жана башка «батыш кийимдерин» күйүүгө чектөө киргизилген. Ал талап Кытай менен чектешкен Түндүк Хамген жана Янгандо провинцияларынын жашоочуларына гана тиешелүү болгон.

Сүрөт: CNN