Европалык комиссия түрк жарандарынын Шенген аймагына визасыз кирүүсүн жактырат. Анын ордуна Түркия сириялык качкындарды өз аймагына кабыл алып, миграциялык каатчылыкты чечиши керек, деп жазды Би-би-си.

Түркия жарандарынын Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагына визасыз кириши 4-майда жактырылышы мүмкүн — бул тууралуу өз булактарына шилтеме жасоо менен Би-би-си билдирүүдө.

Визасыз режим киргизүү — 2015-жылдын ноябрында өткөн Европа биримдиги-Түркия саммитинде жетишилген макулдашуулардын бир бөлүгү. Ал макулдашууларга ылайык, Түркия сириялык качкындарды өз аймагына кабыл алуу менен миграциялык каатчылыкты иретке салышы керек.

2015-жылдын апрелинде Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск ал маселенин чечилиши үчүн биримдик 1 млрд. евро, а союздаш-өлкөлөр — 2 млрд. евро бөлө тургандыктарын айткан.

Би-би-синин маалыматы боюнча, визасыз режимдин киргизилиши үчүн Түркия Евробиримдик менен болгон макулдашууда каралган бир катар шарттарды аткарышы керек болот. Өлкө сөз эркиндигинин принциптерин карманып, азчылыктардын укуктарын коргоп, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылышы керек.

Түркия менен визасыз режим киргизүү маселеси 2015-жылдын күзүнөн бери талкууланып келген. Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглунун расмий билдирүүсүнө ылайык, визалар бир жылдан кийин, 2016-жылдын күзүндө жоюлушу керек болчу.

«Түрк жарандары үчүн визалык режимди либерализациялоо жана реадмиссия тууралуу макулдашуулар алты, эң көп дегенде тогуз айда аяктайт», – деп билдирген премьер-министр Ахмет Давутоглу 2015-жылдын декабрында.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөгү миграциялык каатчылык Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келген качкындар агымынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу 2015-жылдын башында пайда болгон. Толук эмес бир жылдын ичинде Европа мамлекеттеринде 700 миң качкын катталган.

Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки качкындардын эң ири агымы, ага Ирак, Сирия, Ооганстандагы узакка созулган согуштук аракеттер, Украинадагы, Пакистандагы жаңжалдар, ошондой эле «Ислам мамлекетине» каршы аскердик операциялар себеп болууда.