Аутсайдер деп эсептелген «Лестер Сити» сезондун аякташына эки тур калганда Англиянын Премьер-лигасында чемпиондукка жетишти. Британ басылмалары аны англия футболундагы «эң укмуштуу окуя» деп атап жатышат.

«Лестер Сити» командасы биринчи жолу Англиянын футбол боюнча чемпиону болду. Сезон башында ал клубдун чемпиондукка жетүү мүмкүнчүлүгү абдан төмөн (5000 к 1) деп бааланып жаткан.

«Лестердин» сезон аяктарына эки тур калганда чемпиондукка жетиши 36-турда өткөн «Челси» менен «Тоттенхэмдин» ортосундагы беттеш тең чыгуу менен аяктагандан кийин мүмкүн болду.

Азыр «Лестерде» 77, а экинчи орундагы «Тоттенхэмде» — 70 упай бар.

Эгер «Лестер» калган эки оюнунда утулуп, а «Тоттенхэм» жеңишке жетсе дагы сезондун жыйынтыгы боюнча «Лестер» баары бир упай артыкчылыгына ээ болот.

Өткөн жылы Чемпионшипти жеңип алган «Лестер» Жогорку лигада 14-орун алып, башкы машыктыруучулукка италиялык Клаудио Раньерини чакырган жана команданын бул жетишкендиги дал ошол адис менен байланыштырылууда.

Би-би-си «Лестердин» чемпиондукка жетишин «бардык убактардагы укмуштуудай спорттук окуя» деп атады.

«Лестердин» жеңиши 38 жылдан бери турнирдик таблицада «Манчестер Юнайтед», «Арсенал», «Челси» жана «Ливерпуль» сыяктуу Англиянын ири командаларынан ашып өткөн биринчи клуб болгондугу менен көрүнүктүү.

Ага чейин, 1978-жылы чемпиондук наамга «Ноттингем Форест» ээ болгон. Андан кийинки жылдары Премьер-лиганы Жогорку лигада жеңишке жеткен командалар гана утуп келген.

Сезондун жыйынтыгы боюнча, «Лестер» 93 млн. фунт алды.

Сезондун башында «Лестердин» чемпиондукка болгон мүмкүнчүлүгү букмекерлер тарабынан өтө төмөн (5000 к 1) деп бааланган. Бирок биринчи турда «Сандерлендди» 4:1 эсебинде ишенимдүү уткандан кийин ал коэффициент төмөндөй баштаган.

2015-жылы «Лестердин» бардык оюнчуларынын трансфердик баасы болгону 55 млн. евродон көбүрөөк сумманы түзгөн, а ошол кезде чемпион болуп турган «Челсинин» оюнчуларынын баасы 526 млн. евро болгон. Баарынан көп гол киргизген Рияд Марез менен Жейми Варди 3 млн. еврого бааланган.

Премьер-лигадагы чемпиондугу «Лестерге» биринчи жолу еврокубокторго катышуу мүмкүндүгүн берет — кийинки сезондон баштап команда Чемпиондор лигасында ойноп баштайт. Ал клубка кошумча 30 млн. евро алып келет.

Быйылкы сезондо 22 гол киргизген чабуулчу Жейми Варди Би-би-сиге курган маегинде «эч качан мындай сезимдерге ээ болбогондугун» айткан.

«Челсинин» машыктыруучусу Гус Хиддинг оюндан кийинки маалымат жыйынында Раньери ага телефон чалып, беш жолу «рахмат» айтканын билдирди.