«Кумтөр Голд» алтын өндүрүү ишканасы вице-президенттери Кыргызстандан компаниядагы тинтүү иштеринен улам эмес, а пландалган эмгек өргүүсү боюнча чыгып кеткендиктерин билдирди.
3-майда «Кумтөрдүн» басма сөз кызматы компаниянын вице-президенттери Марк Бертон менен Лесли Лоунун Кыргызстандан чыгып кетиши компаниядагы тинтүү иштерине байланыштуу эмес экенин билдирди.
«Кумтөрдүн» маалыматы боюнча, компаниянын менеджерлеринин өлкөдөн чыгып кетиши — алдын ала пландалган эмгек өргүүсү. Басма сөз кызматы Бертондун эмгек өргүүсү 2016-жылдын 25-январында, а Лоунуку — 2016-жылдын 18-мартында жактырылгандыгын билдирди.
«Бишкектен 2016-жылдын 29-апрелинде учуп, кайра 2016-жылдын 10-майында кайтып келүү даталары көрсөтүлгөн Марк Бертондун электрондук билетинин сунушталган көчүрмөсү билеттин 2016-жылдын 29-февралында алынгандыгын көрсөтүп турат», — деп билдиришти компаниядан.
«Кумтөр» компаниянын президенти Дэниел Дежарден Кыргызстанда экенин, а компаниянын өзү «кадимки режимде» иштеп жатканын жазды.
«Аны менен катар «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилеринин бирөөсү дагы Кыргызстандан учуп кетүүгө жана учуп келүүгө эч кандай тоскоолдуктарга ээ эмес, алардын эч кимиси белгиленген аймактан чыкпоо кол катын жазып беришкен эмес жана кандай гана башка маалыматтар болбосун алар туура эмес», — деп билдиришти ишканадан.
Бертон менен Лоу Кыргызстандан 29-апрелде, «Кумтөрдүн» Бишкектеги кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин эртеси чыгып кетишкен. Башкы прокуратура эгер алар тергөө иш-чараларына катышуу үчүн өлкөгө кайтып келишпесе, аларга эл аралык издөө жарыялай тургандыгын билдирген.
Мекемелер аралык тергөө тобу компаниянын кеңсесиндеги тинтүү иштерин өлкөдөн 200 млн. долларды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөргөн. Тинтүүдөн кийин тергөө тобу «Кумтөрдүн» жетекчилиги менен кызматкерлерин суракка алып баштаган.
Компаниянын өзү тергөө иш-чаралары «шаттык режимде иштеп келген жана иштеп жаткан «Кумтөр» кенинин ишине таасир этпегендигин» билдирген.
«Кумтөр» — канадалык Centerra Gold Inс акционердик коому ээлик кылган алтын өндүрүү компаниясы. Өз кезегинде Кыргызстан Centerraнын акцияларынын дээрлик 33%на ээлик кылат.
«Кумтөрдүн» кеңсесиндеги тинтүү иштеринен кийин Centerraнын акцияларынын баасы 8,7%га төмөндөгөн. Бир сутканын ичинде андагы кыргыз акцияларынын пакети 44 млн. АКШ долларына арзандап кеткен. Бирок көп өтпөй акциялардын баасы өсүп баштап, учурда 7,1 долларлык деңгээлде кармалып турат.