Bellingcat эксперттик-журналисттик тобу Донецкте Малайзия аба жолдорунун учагы Орусиянын зениттик-ракеталык тобуна таандык болгон 332 номурундагы «Бук» системасы тарабынан атылып түшүрүлгөнүн билдирди.

Bellingcat эксперттик-журналисттик тобунун иликтөөчүлөрү 2014-жылы Донецктин үстүнөн Малайзияга таандык учакты атып түшүргөн зениттик-ракеталык комплекстин так аталышын аныкташты. Бул тууралуу 3-майда, топтун өзүнүн сайтына жарыяланган отчеттон белгилүү болду.

Bellingcatтын отчетуна ылайык, учак Курск облусундагы зениттик-ракеталык бригадага таандык болгон 332 номурундагы артиллериялык «Бук» комплекси тарабынан атылып түшүрүлгөн.

Эксперттердин айтымдарында, ал «Бук» — 2014-жылы Орусияда жана 2014-жылдын 17-18-июль күндөрү Украинанын түндүгүндө сүрөткө жана видеого тартылып алынган «Бук 3х2ге» окшош болгон жалгыз комплекс.

Анын так аталышын аныктоо үчүн иликтөөнүн катышуучулары аскер кызматкерлери тарабынан 2010-жылдан бери жарыяланган түрдүү «Бук» комлекстеринин ондогон сүрөттөрүн салыштырышкан. Алар ошондой эле техникалык мүнөздөмөлөрү менен сырткы белгилерин да салыштырышкан.

«Биз чынжырчаларынын капталкы калканчаларынын зыянга учуроо формаларын, малалардын түрдүү типтеринин кобинацияларын, сол капталындагы панелдин чуңкурайган жерлерин, агытуу жабдуусунун лафетине кабелдик кошуулардын туташуусун, чынжырчаларынын капталкы калканчаларына коюлган ак белгилерд, сандардын ортосундагы боштуктар менен алардын шрифтерин изилдеп чыктык», — деп жазылган отчеттун киришүү бөлүмүндө.

Буга чейин Нидерландынын Коопсуздук кеңешинин эксперттери да өз баяндамаларында малайзиялык учак орусиялык өндүрүштөгү «Бук» комплекси тарабынан атылып түшүрүлгөнүн билдиришкен.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков усомнился в правдоподобности доклада Bellingcatтын баяндамасынын туура экендиги боюнча шектенүүсүн билдирип, ал топтун «келип чыгышы» менен «иденттүүлүгүн» аныктап чыгуу керектигин  айтты.

«Бул расмий түрдө констатациялоого мүмкүн болгон абал. Ал эми ал корутундунун канчалык деңгээлде чындыкка дал келе тургандыгын мен айта албайм», — деди ал өзүнүн расмий билдирүүсүндө.

Малайзия аба жолдорунун Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жаткан Boeing 777-200 ER үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учагы 2014-жылдын 17-июнунда Донецк облусунун чыгышында кыйроого учураган.

Анын жыйынтыгында 10 мамлекеттин жарандарынан турган 283 жүргүнчү жана 15 экипаж мүчөсү каза болгон. Окуяга Украинанын бийлиги менен өздөрүн Донецк элдик республикасы деп атап алган жикчилдердин өкүлдөрү бири-бирин айыптап келишет.