Бавария парламентинин депутаттары Адольф Гитлердин түшүндүрмөлөр жана тарыхчылардын аннотациялары менен толукталып жаңы басылып чыккан «Майн кампф» китебин билим берүү программасына киргизүүнү сунушташты. Алар аны тарыхый процесстин маанилүү бөлүгү деп эсептешүүдө, бирок демилгеге еврей коомчулугу каршы болуп жатат.

Бавария парламенти «Гитлер. Майн кампф. Критикалык басылма» китебин мектеп программасына киргизүү маселесин талкуулап жатат. Идеянын тарапташтары нацисттик лидер Адольф Гитлердин тарыхчылардын аннотациялары менен толукталган китеби тарыхый процесстин маанилүү бөлүгү» болуп саналат деп эсептешүүдө.

RT басылмасы маселени парламенттин 4-марттагы кезектеги жыйынында карагандыктарын билдирүүдө.

Буга чейин мындай сунуш менен Немис окутуучуларынын ассоциациясы чыккан. «Майн кампфтын» жаңы версиясы чыкканга чейин анын өкүлдөрү китепти мектепте окутуу керектигин, ал балдар менен жаштардын нацисттик идеологияны колдоосунун алдын алуу кадамы болорун билдиришкен.

Социал-демократтар партиясынан депутат Эрнст Дитер Россманндын пикиринде, «Майн кампфты» жалпы билим берүү программасына киргизүү жаш муунга «китептин антисемисттик риторикасынын бетин ачып, пропаганда механизмин түшүндүрүп берүүгө» мүмкүндүк берет.

«Тарыхый ыкмалар менен бул антисемисттик, антигуманисттик, полемикалуу памфлеттин чүмбөтүн сыйрып, тиешелүү квалификациядагы мугалимдердин жардамы менен пропаганда механизмдерин түшүндүрүү — заманбап билим берүүнүн маселеси», — деп билдирди Россманн.

Бирок «Майн кампфтын» мектептерде окутулушуна еврей коомчулугу каршы чыгышкан. Алардын пикирлеринде, Гитлердин идеологиясы жаштардын кызыгуусун жаратып, андагы түшүндүрмөлөр окурмандарды китептеги жазылгандардын «туура эместигине» ынандыра албашы мүмкүн.

«Майн кампфтын» толукталган версиясы чыкканга чейин Мюнхен жана Жогорку Бавария Еврей коомчулугунун башчысы Шарлотта Кноблох анын жайылышына каршы болуп, аны китеп текчелеринен көрүү «жийиркеничтүү» болорун айткан.

«Мен Гитлердин антисемисттик памфлети окууга туура келбейт деп ойлойм», — деген ал DPA басылмасына курган маегинде.

«Майн Кампф» — өз ичине национал-социализмдин идеялары тууралуу айтылган автобиографиялык элементтерди камтыган Адольф Гитлердин китеби. Анда Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ишке ашырылган идеялар жазылгандыктан, коомчулукта ар түрдүү реакцияларды жаратууда.

Ал биринчи жолу 1925-жылы басылып чыккан, а сегиз жылдан кийин — Гитлер бийликке келгенде — ал Германияда эң көп басылып чыккан китепке айланып, аны окуу милдеттүү болуп калган.

Китепке карата автордук укуктар Баварияга таандык болгон, бирок алардын аракеттеринин мөөнөтү 2015-жылдын 31-декабрында аяктаган. Бир аптадан кийин китепти изилдөөчүлөр менен тарыхчылардын түшүндүрмөлөрү менен толуктап, Мюнхендеги заманбап тарых институту басып чыгарган.

Ал китеп дүкөндөрүндө «Гитлер. Майн кампф. Критикалык басылма» деген аталышта 2016-жылдын январында пайда болгон. Китепти түп нускасынан тарыхчылардын түшүндүрмөлөрүнөн сырткары эксперттер тарабынан Гитлердин идеологиясына карата жасалган анализдер да айырмалап турат.