Кыргызстандык Талгат Субаналиев кышында Антарктидага саякаттап барып келген. Ал муз континентине болгон саякаты тууралуу баяндап, анда аны эмнелердин таң калтырып, кандай кыйынчылыктарга туш болгондугу жөнүндө айтып берди.
Борбордук Азиядагы Америка университетинин үчүнчү курсунун студенти Талгат Субаналиев Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica’s landscape сынагын утуп калып, 10 күнгө Антарктидага барып келген. Ал Kloop.kgге анда кандай таасирлерге дуушар болгондугу тууралуу айтып берди.
Баяндоо Талгат Субаналиевдин атынан жүрөт
Мен сүрөт тартууга бир жыл мурда, досум телефон белек кылгандан кийин кызыгып баштагам. Мен үчүн ал эң кымбат белек болуп калды, анткени ал менде сүрөткө тартуу кызыгуумдун пайда болушуна себеп болду. Алгач мен сүрөттөрдү өзүм үчүн эле тартып баштагам — анан жакын досторум «Фейсбуктан» сүрөттөрүм жакшы болуп жатканын жазып башташты. Ошентип сүрөт тартуумду уланта бердим, анан бул [Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica’s landscape — Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттеринин арасындагы сынак, баш байгеси — Антарктидага барып келүү] сынак башталып, ага билдирме берип көрүүнү чечтим.
Бул былтыркы жазгы семестрде болгон. Борбордук Азиядагы Америка университетинин демөөрчүлөрүнүн бири Херш Чадда Антарктидада болуп келсем деп кыялданып, бирок ден соолугуна байланыштуу ал кыялын ишке ашыра албай калган. Ошондуктан ал муз континентине сүрөт тартууга кызыккан жаш студент барып келсин деп ушундай сынак жарыялоону чечкен.
Баарынан да мага дилбаян жазуу оор болду, анткени мен Антарктидага эмнеге баргым келип жатканын билген эмесмин. Менде: «Адамдар ал жакка эмнеге барышат?», деген суроо туулган. Анан өмүрүмдө биринчи жолу дүйнөнү көргүм келип, планетабыздын мени курчап турган тоолор менен талаалардан гана эмес, а андан да көп нерселердин турарын ачып берип, аны өз сүрөттөрүмдө көрсөтүүнү абдан каалап турганым жөнүндө жаздым.
Күндөрдүн биринде почтама кат келди — менин сынакты жеңип алгандыгым жана Антарктидага бара тургандыгым жөнүндө. Мен алгач ага ишенген жокмун. Анан бир нече күндөн кийин аларга: «Бул чынбы? Силер тамашалабай элесиңерди?», деп жаздым. Алар менин чынында эле Антарктидага бара тургандыгымды айтып жооп жөнөтүштү.
Менин Антарктидага болгон саякатым жашоомдогу эң көрүнүктүү окуя болду. Алгач коркунуч сезимдери болду, сапарга аттанаар алдында катуу толкундандым. Мени бир катар кыйынчылыктар коштоду — алгач мен Аргентинага виза ала алган жокмун, андан кийин деңиз оорусу менен ооруп калдым. Бирок анын баары саякатымда көргөндөрүмө арзыйт. Мен пингвиндерди, тюлендерди, алгачкы айсбергдерди көрүп, түбөлүк эсте калчу укмуштуудай сүрөттөрдү тарттым.
Менин алыскы сапарым профессор Чадды көрүү үчүн Дубайга баруум менен башталды. Ал мага ак жол каалап, өзүнүн кымбат камерасын берди.
Ал жактан Аргентинага, Буэнос-Айреске, андан ары дүйнөнүн эң түштүк шаары эсептлеген Түштүк Американын эң аягында жайгашканУшуайя шаарына бардым. Ал жакта порт бар, Антарктидага биз ошол жактан сүзүп кеттик. Биздин топ дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн келип чогулган 119 кишиден турду. Алар дүйнөлүк саякатка аттанган кадимки эле туристтер болушкан.
Биз Атлантика жана Тынч океандарынын түштүк бөлүктөрүн бириктирген Дрейк кысыгы аркылуу сүзүп бара жатканда бизге жети метрлик чоң толкундар урду. Кеме бир тигил, бир бул жакты көздөй чайпалып турду. Биз деңиз оорусу менен ооруп калдык. Эртеси жүргүнчүлөрдүн көбү төшөктөн тура албай калышты, мен да өзүмдү жаман сезип жаттым, дээрлик эч нерсе жегеним жок.
Адатта бизди эртең мененки саат жетиде ойготушчу, бирок 10-февралда бизди таңкы саат төрттө тургузушту, анткени биз материкке сүзүп жетиптирбиз. Биз сыртка чыгып алгачкы айсбергдерди, алгачкы таңды көрдүк, суу тынчып калыптыр, бардыгы башкача кабыл алынып баштады. Буга чейин болгон бардык жаман нерселер, кыйынчылыктар унутулду. Мен жөн гана айлананы карап, Антарктидага келип калганыма ишенбей турдум.
Анда биз кемеде жашап, кемеде тамактанып жүрдүк, тамагы абдан сонун болду. Элестетсеңер — Антарктидада апельсиндер менен дарбыздар болду. Мени таң калтырып, анда интернет да болду, мен анын кымбат экенине карабастан пайдаландым.
Жээкке түшүүгө убакыт келгенде кийимдерибиздеги микроб сыяктуу нерселер Антарктидага түшпөсүн деп, аларды чаң соргуч менен сордурууга мажбурлашты. Андан соң бизге атайын резина өтүктөрдү беришти, биз аларды чылапчынга куюлган сууга жууп чыктык — андан кийин гана жерди басууга мүмкүн болду. Бизди дайыма көзөмөлдөп турушту, катуу тартип болду, пингвиндерге жана башка жандыктарга жакын барууга тыюу салынган. Жаныбарлардын коркпошу үчүн биз алардан беш метр алыстыкта болушубуз керек болду. Бизде аларга тийип, континенттен бир нерсе алып кетип же алып келүү укуктары болгон жок.
Биз барганда Антарктидада жай болчу, абанын температурасы алты градус жылуулукту көрсөтүп турган, а Кыргызстанда болсо кыштын чилдеси болчу. Биздин кыш менен алардын жайынын анчалык деле айырмасы болгон жок — мен жылаңбаш эле жүрдүм.
Континент толугу менен пингвин жыттанат — бул эң уникалдуу учур, тоокканадай жыттанат!
Анан да «Пауэр Планч» эсте калды — адамдар полярдык алкакка барышып, андагы сууга түшүшөт, бул өтө экстремалдуу. Суусу абдан муздак, бирок ал чыныгы адреналин болду. Мен суудан чыкканда чачтарымдын учтары муз болуп калды.
Андагы ландшафт менен жаратылыш уникалдуу. Айтып коюшат го — мен жок жер жайыма сонун деп. Антарктида тууралуу да ошентип эле айтса болот: адамдар жок жерлер дайыма сонун. Анда адамдар дагы, бензиндин жыты дагы, күнүмдүк убаракерчилик дагы жок. Анда укмуштуудай таза аба болду, медитация кылып, йога менен алектенүүгө болот.
Мен үчүн Антарктида жаратылыш менен адамдын ортосунда чек салынган жердей сезилди. Мен адам дүйнөсүнөн жаратылыш дүйнөсүнө бардым. Ал жактан сен жаратылышка салыштырмалуу адамдын канчалык кичинекей жандык экенин сезесиң. Континенттин өзү эбегейсиз чоң, анда адам алсыз жандык сыяктуу туюлат. Анда адамдар жок, эч ким тийбеген жапайы жаратылыш — Антарктиданын өзүнүн руху бар, сен анда жаратылыш менен адамдын ортосундагы байланышты сезесиң.
Бул менин жашоомдогу уникалдуу, укмуштуудай тажрыйба болду. Саякат 10 күнгө созулду — алардын ичинен толук бир аптасын континентте өткөрдүк, калганын жолго короттук. Мен үчүн ал күндөр байкалбай эле өтүп кетти, мен жөн гана ыракат алып, ошол учур менен жашадым!
Азыр мен ал саякатты эске түшүрүп отурам — анын баары мени менен болбогондой. Анын баары тең жөн гана укмуштуудай түш сыяктуу сезилүүдө. Чынында эле мени менен ушундай окуя болдубу? Мен чынында эле ал жакка бардымбы жана булар мен тарткан сүрөттөрбү?
Мен ал жактан 175 гигабайт сүрөт тартып келдим. Көргөзмө үчүн 27 сүрөттү басып чыгардык — биз ага пейзаждык сүрөткө таандык болгондорун тандап алдык. Алар сөзсүз түрдө Борбордук Азиядагы Америка университетинин дубалдарына илинет, анткени мен ал университеттин студенти эмесминби.
Мен тарткан сүрөттөрдүн бардыгы тең өзүмө жагат, алардын ар бири тең мен үчүн өзүнчө мааниге ээ жана чоң роль ойнойт. Алар менин ал жомоктогудай саякатым тууралуу эстөөлөрүмө байланыштуу.
Сүрөт: Талгат Субаналиев