Москвада Кыргызстанда туулган үч Орусия жараны камакка алынды. Тергөө алар 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү маалында теракт жасоого даярданышкан деп болжолдоодо.

5-майда Москванын Мещанск соту 9-май күнү теракт жасоого даярданышкан деп шектелген Кыргызстанда туулган үч жаранды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги соттун басма сөз катчысы Юлия Бочаровго шилтеме жасап жазды.

Бочарова кармалган Сирожидин Эргашов, Фарходжон Муратов жана Анваржон Тошболтаев Орусиянын жарандары болуп эсептелерин белгиледи.

Алардын үчөөсү тең 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү маалында теракт даярдоо тууралуу кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. Алар мыйзамсыз курал сакташкан деп айыпталышууда.

4-майда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган жарандардын тобун кармап, алардын жанынан курал-жарак жана жардыруучу заттарды тапкан.

Тергөө алар 9-майда Москвада теракт уюштурууга даярданышкан деп божомолдоодо. Федералдык коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан кармалгандар мойундарына алып көрсөтмө берип баштагандыктарын билдиришти.

«Лента» агенттигинин маалыматы боюнча, 4-майда кармалгандардын бири Кыргызстандын жараны болуп эсептелет.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Kloop.kgге азырынча анын жарандыгы тууралуу маалымат ырастала электигин айтты. Дипломат кармалган адам паспортун кыргыздыкы кылып жасап алган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Сүрөт: Руслан Шамуков/ТАСС