Күн мурун Республикалык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Жон Кейсик шайлоо жарышынан четтеди. Ошентип, праймеризде Дональд Трамп жалгыз талапкер болуп калды. Kloop.kg праймериздин эмне экендигин жана Трамптын республикачылардан кантип дээрлик жалгыз талапкер болуп калгандыгын түшүндүрүп берүүнү чечти.

Республикачылардын праймеризинде Трамп жеңишке жетти

Жакынкы убактарга чейин Республикалык партиянын праймеризине төрт талапкер катышып жаткан — Дональд Трамп, Тед Круз, Марко Рубио жана Жон Кейсик. Анткен менен акыркы үчөөсү партия өзүнүн талапкери катары анчалык көгүсү келбеген Трамптан кыйла артта калып башташкан. Ошондуктан Круз менен Рубио өз делегаттарынын санын бириктирүү тууралуу макулдашууга келүүгө аракет кылышкан.

Солдон оңго: Марко Рубио, Дональд Трамп, Тед Круз жана Жон Кейсик. Сүрөттүн булагы: Fox News
Солдон оңго: Марко Рубио, Дональд Трамп, Тед Круз жана Жон Кейсик. Сүрөттүн булагы: Fox News

Бирок алар бир пикирге келе алышкан жок жана көп өтпөй жеңишке жетүүгө мүмкүн эмес экендигине көздөрү жетип, экөө тең президенттик шайлоодон четтешкен. Кечээки күнгө чейин Трамптын жалгыз атаандашы Жон Кейсик болуп турган. Бирок ал дагы шайлоодон четтеди — анын мүмкүнчүлүктөрү деле кыйла төмөн болгон. Праймериздин аяктаарына бир ай калган убакта Кэйсиктин болгону 150 гана делегаты бар болсо, Трамптыкы 1000ден ашык болгон.

Ошентип, Трамп Республикалык партиядан дээрлик расмий түрдө номинацияны жеңип алды жана ушул жылдын ноябрында ал президенттик шайлоого катышат.

Учурда Демократиялык партиянын праймеризинде кызуу атаандаштык жүрүүдө. Анда Хиллари Клинтон алдыда келе жатат, бирок анын 56 пайыздык добуш артыкчылыгы анчалык көп эмес. Жакында эле жети праймеризде катары менен жеңишке жеткен Берни Сандерс анын артынан кууп жетип калды. Андыктан негизги шайлоодо Трамптын атаандашы катары кимдин чыга тургандыгы боюнча акыркы жоопту биз кийинки айда алабыз.

Берни Сандерс менен Хиллари Клинтон. Сүрөттүн булагы: ABC
Берни Сандерс менен Хиллари Клинтон. Сүрөттүн булагы: ABC

Праймериз деген эмне жана АКШда президент кантип шайланат?

Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоо — узакка созулган процесс. Орточо эсеп менен ал бир жылга созулат. Бул анын эки бөлүккө бөлүнгөн (праймериз (болжолдуу) жана негизги шайлоолор) тепкичтүү түзүмүнө байланыштуу.

Акыркысы бир аз түшүнүктүүрөөк: Америкадагы эки ири партиянын, республикачылар менен демократтардын талапкерлери президенттик кызмат үчүн жарышка түшүшөт. Негизги шайлоого анчалык ири эмес — мисалы, Либертарианттар же Жашылдар партиясынын бирөөсү тарабынан көрсөтүлгөн көз карандысыз талапкерлер катышкан учурлар сейрек кездешет. Негизги шайлоо көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле бир күндүн ичинде өтөт. Штаттардагы негизги шайлоонун өзгөчөлүгү президентти ар бир элүү штаттын калкынын өкүлдөрүнөн турган Шайлоочулардын коллегиясынын шайлай тургандыгында. Тактап айтканда, ал тике шайлоо эмес.

Праймеризде болсо баары бир аз чатышкан. Биринчиден, анын негизги шайлоодон айырмасы, бул анын тике шайлоо экендигинде — праймеризге каалаган киши катыша алат. Шайлоого чейин айрым штаттарда добуш берүүчүгө эгер ал кайсыл бир партиянын каттоодон өткөн мүчөсү болсо гана добуш берүүгө мүмкүндүк берилет. 2012-жылы Республикалык партиянын андай мүчөлөрүнүн саны 30 миллиондон ашык, а Демократиялык партияныкы 40 миңден ашык болгон.

Экинчиден, болжол менен негизги шайлоого бир жыл калганда башталып, жарым жылга жакын убакытка чейин созула турган праймеризде партиянын талапкери тандалат. Тактап айтканда, демократтар менен демократтар (учурда Хиллари Клинтон менен Берни Сандерстин жарышы) жана республикачылар менен республикачылар (жакынкы убактарга чейин алар Дональд Трамп, Тед Круз, Марко Рубио жана Жон Кэйсик болушкан) жарышка түшүшөт. Алар негизги шайлоого өз партиясынын атынан талапкер катары катышуу мүмкүндүгү үчүн күрөш жүргүзүшөт.

Пил – Республикалык партиянын белгиси. Эшек – демократтардын белгиси
Пил – Республикалык партиянын белгиси. Эшек – демократтардын белгиси

Праймериздин кийинки оордугу анын ар бир штатта өз алдынча өтө тургандыгында. Болжолдуу шайлоолордун мынчалык узак убакытка созулушу анын мына ушунусу менен түшүндүрүлөт. Аны ар бир штатта праймериздин жол-жобосунун уникалдуу экендиги да оорлотот. Негизинен ал жол-жоболорду эки түргө бөлүүгө болот: праймериз (ооба, аталышы ошондой эле) жана кокустар.

Праймериз жол-жобосу — мында катталган шайлоочулар келип, бюллетенди толтуруп урнага салышат. Кокустар болсо таптакыр башкача жол менен өтөт. Анда келген шайлоочулар талкуу өткөрүшүп, андан соң көз караштарына жараша топторду түзүшөт. Кайсыл тарапкердин тобунда адамдардын саны көп болсо, кокусту ошол талапкер жеңген болот. Кокуста ар бир топтогу шайлоочулардын саны бирдей болуп калган учурлар да кездешет. Быйыл Айовадагы праймеризде демократтардын ортосундагы жеңүүчү тыйындын эки бетиндеги сүрөттөлүштөрдү аныктоо аркылуу аныкталган. Ооба, Хиллари Клинтон ал штатта жеңишке жеткен, анткени ага тыйындын туура бети туш келген (болгондо да алты жолку аракетинде тең).

Праймериздердин жеңүүчүсү делегаттарынын саны боюнча аныкталат. Делегаттар — бул штаттын чоңдугуна жараша тандалып алынган атайын шайлоочулардын белгилүү бир саны. Калифорния — калкынын саны боюнча ири штат, ошондуктан анын делегаттары баарынан көп болот.

Башкы сүрөттүн булагы: The Tab