Биатлон боюнча олимпиада чемпиону Дарья Домрачева Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) кызматкери болгон. Коопсуздук комитетинин расмий өкүлү бул маалыматты ырастады.
Беларустун «Динамо» дене тарбия-спорттук уюмунун сайты 3-майда олимпиада чемпиону Дарья Домрачева МККнын тергөө комитетинде «кызмат өтөп» жаткандыгы тууралуу маалымат жарыялаган.
Маалыматтар спортчунун өмүр баяны жазылган баракчада көрсөтүлгөн, бирок бир аздан кийин ал маалыматты өчүрүп салышкан, деп билдирүүдө Лента.ру.
Ал маалыматты беларус МККсынын басма сөз катчысы Дмитрий Побяржин расмий түрдө ырастады. Ал спортчу чынында эле мекемеде иштегенин, бирок азыр анын кызматкери эмес экенин айтты.
«2014-жылдын июнуна чейин Домрачева МККда кызматта болгон, бирок азыркы учурда Дарья Владимировна мекеменин кызматкери эмес», — деп билдирген ал Белапан беларус басылмасына.
Мамлекеттик коопсуздук комитетинин өкүлү Домрачеванын кандай аскердик наам менен кызмат өтөгөндүгүн айткан эмес. Бирок «Динамонун» сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, спортчу ага лейтенант болгон.
Дарья Домрачева — 2012чи жана 2013-жылдардагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону, 2014чү жана 2015-жылы эки жолу Дүйнө кубогун утуп алган. Биатлончу Сочидеги кышкы олимпиадада үч алтын медалга ээ болгон.
Домрачева мелдештерге мурда Орусиянын атынан катышып келген, бирок Беларустун аялдар курамасынын машыктыруучусунун сунушунан кийин беларус курамасынын курамына кирген.
2014-жылы спортчуга «Беларустун Баатыры» наамы ыйгарылган. Ал мындай сыйлыкка ээ болгон өлкө тарыхындагы алгачкы аял болуп калды.