«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Сирияда курман болгон орусиялык офицер Александр Прохоренконун үй-бүлөсүн Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды.

Сирияда курман болгон офицер Александр Прохоренконун үй-бүлөсүнүн Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырылгандыгы тууралуу 6-майда белгилүү болду — аны «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев демилгелеген.

Партиянын басма сөз катчысы Наргиза Мансурованын айтымында, «Өнүгүү-Прогресс» каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө 9-майда колдоо көрсөтүү чечимине келген.

Прохоренко — Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн ага лейтенанты — ушул жылдын мартында Сириядагы Пальмираны бошотуу операциясы маалында каза болгон. Ал «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин курчоосунда калып, негизги соккуларды өзүнө кабыл алып курман болгон. 

«Мен негизги соккуларды өзүнө алып, эл аралык терроризмге каршы күрөшүп жатып баатырларча курман болгон Александр Прохоренконун эрдигин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдиктери менен бир катарга коер элем», — деп жазылган Төрөбаевдин катында.

Партиядан үй-бүлөнүн келип-кетишине байланышкан чыгымдардын бардыгын алар өзүлөрүнө ала тургандыктарын белгилешти. Азыр «Өнүгүү-Прогресстин» өкүлдөрү Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жообун күтүп жатышат.

«Биз катты аларга бүгүн жөнөттүк. Азыр карап жатышса керек. Жакынкы күндөрү алардан жооп келет деп ойлойм», — деди Мансурова.

Орусиянын элчилигинен Kloop.kgге азырынча аларга чакыруу жазылган кат келе электигин айтышты.

«Азырынча ал бизде каттала элек. Тилекке каршы, алардын катты кандай жол менен жөнөткөндүктөрүн так айта албайм. Балким бизге техникалык себептерден улам жете элек болсо керек», — деди элчиликтин басма сөз катчысы Дарья Пахомова.

Пахомованын айтымында, катты алгандан кийин алар аны Тышкы иштер министрлигине жөнөтүшөт, өз кезегинде министрлик аны Прохоренконун үй-бүлөсүнө жолдойт.

Каза болгон офицердин артында ата-энеси, иниси жана жубайы калган. Эрдиги жана баатырдыгы үчүн ага Орусиянын Баатыры наамы берилген. Курман болгон кезде Прохоренко 25 жашта болчу.

Сириядагы тарыхый Пальмира шаарын бошотуу боюнча атайын операция ушул жылдын март айынын ортосунда болгон. Ал Сирия армиясы менен Орусиянын атайын багыттагы аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен аракети менен «Ислам мамлекетинин» согушкерлерине каршы өткөрүлгөн.