Өзбекстанда милиция кызматкерлери айдоочуларды унаасына байланган Георгий тасмаларын чечүүгө мажбурлап жатат, деп билдирүүдө «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бийликтин тыюу салуусун тасмалардын жол коопсуздугуна тоскоолдук кыла тургандыгы менен түшүндүрүп жатышат.

Өзбекстанда Георгий тасмаларын тагынып жүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салынгандыгы тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдиришкен. «Узметроном» басылмасынын маалыматы боюнча, милиционерлер автоунаасына тасма байлаган айдоочуларды токтотуп, аларды чечүүгө мажбурлап жатышат.

«Бизге Ташкенттин көчөлөрүндө мотороллер менен бара жаткан кезинде милиция кызматкерлери токтоткон эмгек ардагери телефон чалды. Ал алар мототранспортун кооздоп байланган Георгий тасмасын чечүүгө аргасыз кылгандыктарын айтты», — деп жазган басылма 5-майда.

«Узметрономдун» маалыматы боюнча, укук коргоо органдары жарандарга тасманын тыюу салынышынын себептерин түшүндүрүшпөй эле.

«Айдоочу тасмаларга кимдин тыюу салгандыгы же ал тыюунун кайсыл нормативдик документтер менен регламентациялангандыгы тууралуу узаткан суроосуна жооп ала алаган эмес. Милиционер ага: «Уруксат берилген эмес», деп гана айткан», — деп жазды «Узметроном»

Белгисиз бойдон калууну каалаган укук коргоо органдарынын кызматкери «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына курган маегинде чынында тыюу салуунун бар экенин билдирген. Анын айтымында, тасмаларды пайдаланууга алар жол коопсуздук кыймылына тоскоолдук кыла тургандыктан улам уруксат берилген эмес.

«Бизге жол коопсуздук кыймылына тоскоолдук кылган тасмаларды алуу керек деп айтышты. Бирок аларды абдан сылыктык менен, айдоочуларга айып пул салбастан алгыла дешкен», – деп жазган «Азаттык» радиосу анын айткандарын.

Буга чейин Өзбекстанда Георгий тасмаларына тыюу салуу демилгесин Коргоо министрлигинин алдындагы коомдук кеңеш көтөрүп чыккан. 2015-жылы кеңеш Георгий тасмаларынын ордуна өлкөнүн мамлекеттик туусунун символикасын пайдаланууну сунуштаган.

«Георгий тасмаларын унааларынын антенналарына байлап алышууда. Ал каяктан келген? Анын бизге кандай тиешеси бар? Эмнеге анын ордуна өзүбүздүн желекти пайдаланууга болбосун?», — деп билдирген кеңештин төрагасы Икболжон Мирзаалиев.

2015-жылы Кыргызстандын бийлиги Георгий тасмаларын өлкөнүн туусун символдоштурган кызыл-сары түстөгү тасмалар менен алмаштырган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлү кыргызстандыктарга «орусиялык» эмес, а «өзүнүн тасмасы» керектигин айткан.