Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев коррупцияга айыпталып жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №47 түзөтүү абагынан бошотулду.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин бошотулгандыгы жөнүндө 7-майда белгилүү болду. Ал тууралуу биринчилерден болуп журналист Адилет Айтикеев социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Александр Никсдорф Түлеевдин бошотулгандыгы тууралуу маалыматты Kloop.kgге ырастады. Экс-мэр жаза мөөнөтүн №47 түзөтүү абагында өтөп жаткан. Ал коррупция беренеси боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган.

ЖАМКнын өкүлүнүн айтымында, Түлеевдин жаза мөөнөтү мунапыстын жана Бишкектин мурдагы мэри мамлекетке келтирилген чыгымга компенсация катары төлөгөн акчалардын эсебинен кыскарган.

«Ага карата мунапыс пайдаланышып, мөөнөтүн кыскартышты. Ошондой эле ал мамлекетке акчаны кайтарып берди», — деди Никсдорф.

Түлеевге карата өкүм 2014-жылдын 23-декабрында чыгарылган. Анын мүлкү мамлекеттин пайдасына алынып, үч жыл мамлекеттик кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салынган.

Боршайком аны депутаттык мандатынан 2015-жылдын январында ажыраткан.

Түлеев 2012-жылдын жайында кармалып, Бишкектин мэри кызматын ээлеп турган 2000-жылдардын аягында кытай автобустары менен кар тазалоо унааларын сатып алуудагы алдамчылыктарга айыпталган.

Сүрөт: «Азаттык» радиосу