Байланыш кызматтарын көрсөтүү лицензиясынын аяктагандыгына байланыштуу 8-майдан тарта «Фонекс» абоненттерин тейлөөсүн токтотот.

8-майдан баштап «Фонекс» уюлдук оператору бүткүл Кыргызстан боюнча уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүүсүн толугу менен токтотот. Бул тууралуу компаниянын пресс-релизинде жазылган.

Ишмердүүлүгүнүн токтотулушу 17-апрелде оператордун CDMA 2000 стандартында байланыш кызматын көрсөтүү лицензиясынын аяктагандыгына байланыштуу.

«Фонекс» уюлдук оператору Кыргызстанда 2003-жылы пайда болгон. Ал — CDMA 2000 стандартын пайдаланган алгачкы байланыш оператору. Ал стандарттын өзгөчөлүгү — үнүнүн тунуктугу жана маалыматтардын шифрленгендигинде.

«Фонекс» өзүнүн жеке сим-карталарын чыгарган эмес — оператор мобилдик түйүнгө кошулган даяр уюлдук телефондорду сатып келген.

Ага чейин өлкө аймагында GSM («Бител») жана TDMA («КаТел») стандарттарындагы уюлдук операторлор гана иштеп келишкен, ал кезде байланыш сапаты боюнча алар CDMA стандартына жетчү эмес.

2008-жылга карата «Фонекстин» абоненттеринин саны 329 миңди түзгөн, бирок 3G жана 4G технологияларынын өнүгүшү жана смартфондордун пайда болушу менен компания абоненттик базасын жогото баштаган.

Учурда Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногунда үч ири уюлдук оператор бар — «Билайн», «Мегаком» жана «О!». Алардын баары тең GSM стандартында иштешет.