Kloop.kgнин фотосүрөтчүсү жана редактору Дмитрий Мотинов Google Street View сервисинен Кыргызстандын сырткы көрүнүшү менен таанышуу жолун гана эмес, а анын күнүмдүн жашоо-тиричилигин изилдөөгө көмөктөшө турган жардамчыны да көрө алды. Ал миңдеген панорамалардын ичинен сүрөт-документалистика жагынан алып караганда кызыктуу болгон сүрөттөрдүн тандап чогултту.

Документалдуу фотосүрөтчү кайсыл бир теманын үстүнөн иштеп жатып фотоаппаратынын баскычын басууга болуп көрбөгөндөй көп учурларга ээ болот — заманбап фотоаппараттарда кадр бир секундага жетпеген убакта эле түзүлөт.

Бирок ошол эле маалда алардын көпчүлүгүнүн жылып жүрүү эркиндиги чектелген — бардык эле фотосүрөтчүлөрдүн керектүү жерлерге барып сүрөт тартууга жетиштүү акчасы жок.

Google Street View болсо буга таптакыр каршы келген мүмкүнчүлүктөрдү берет — силердин алдыңарда кыска убакыттын ичинде тартылган бүтүндөй бир өлкө турат. Албетте, силер мүмкүнчүлүктөр жактан кыйла чектелүүсүңөр — силер көбүнчө жолдор аркылуу гана «жүрө» аласыңар, жакыныраак барып, ийгиликтүү ракурс менен учурда тандап ала албайсыңар.

Андан сырткары Google-мобиль — бул болгону унаа, ал кандайдыр бир визуалдык кабылдагычтарга ээ эмес, анын сүрөттөрүндөгү ийгиликтүү учурлардын бардыгы тең — жөн гана кокустук. Ошентсе да аракет кылсак ал панорамалар өз өлкөбүздү визуалдык изилдөө үчүн жардамчы болуп бериши мүмкүн.

Тема боюнча:

Google Street View сүрөттөрүндөгү «жакшы» Кыргызстан

Google Street View сүрөттөрүндөгү «начар» Кыргызстан

04

06

08

09

10

13

15

16

22

23

25

28

29

31

33

34

35

36

37

38

39

40

41

26