Google Кыргызстандын шаарлары менен ажайып жайларынын сүрөттөрүн аймак менен таанышууга арналган Street View туристтик сервисине кошту. Кыргызстан бул сервис иштеген 77-өлкө болуп калды.

Кыргызстан Google Street View сервисинде жеткиликтүү болуп калды — бул тууралуу 7-майда, сервистин Ысык-Көл облусу үчүн бетачары маалында айтылды, деп жазды «Вечерний Бишкек» басылмасы.

Googleдун иштеп чыгуучулар командасынын өкүлү Марина Тарасова сервис чет өлүктөрдүн Ысык-Көлдүн инфраструктурасы тууралуу кеңери маалыматтарды алуусуна жана өлкөнүн туристтик тейлөөсү менен таанышуусуна мүмкүндүк бере тургандыгын айтты.

«Долбоор туризмдин өнүгүшүнө жардам берет, өзгөчө өлкө анчалык белгилүү болбосо. Анын Кыргызстанга кызыккан миллиондогон колдонуучуларга ээ экенин эске алганда туризм үчүн бул чоң түрткү болот. Биз чын жүрөктөн бардык колдонуучулар Ысык-Көлдүн виртуалдык жана реалдуу кооздугун көрүшсүн деп каалайбыз», — деп жазды «Вечерний Бишкек» Тарасованын айткандарын.

Ысык-Көлдөгү Раппопорт аллеясы Google Street View сервисинде
Ысык-Көлдөгү Раппопорт аллеясы Google Street View сервисинде

Google менен Кыргызстан өкмөтү «Street View Кыргызстан» долбоору боюнча 2014-жылы макулдашууга келишкен. Корпорация карталарга өлкөнүн ажайып жайлары менен алардын сүрөттөрүн 360 градустук көрүнүш менен түшүрүүнү сунуштаган.

Азыр сервисте Бишкек шаарынын көчөлөрү, ошондой эле Ысык-Көл, Чүй, Ош, Нарын жана Талас облустарынын жерлери жеткиликтүү.

Панорамалык сүрөттөр колдонуучунун ал аймактын майда-чүйдөсүнө чейин көрүүсүнө мүмкүндүк берет. Сүрөттөр 2015-жылдын октябрынан декабрына чейинки аралыкта тартылган.

Буга чейин Google кыргыз тилин Google Translate тил котормолору сервисине киргизген.