«Панама документтерин» журналисттер менен бөлүшкөн адам кайсыл бир өлкөнүн өкмөтүндө же атайын кызматында иштебестигин билдирди. Өз кайрылуусунда ал андай кадамга теңсиздик жана адилетсиздик менен күрөшүү үчүн барганын айтып түшүндүрдү.

Жон Доу деген каймана атка ээ адам «Панама документтерин» экономикалык теңсиздик жана адилетсиздиктен улам журналисттерге бергенин билдирди.

Анын айтымында, панамалык «Моссак Фонсека» юридикалык фирмасы «олуттуу кылмыштарды» жасап жаткандарды билип туруп аларды жашырып келген.

«Мен «Моссак Фонсектин» негиздөөчүлөрү, кызматкерлери жана кардарлары кылмыштарга катышкандыктары үчүн жоопко тартылышы керек болгондуктан улам ал фирманын айыбын ачайын дегем», — деп жазды ал.

Тема боюнча: «Панамагейт»: Алиевдердин үй-бүлөсү офшорлор аркылуу кантип кыргыз кенин иштетүү укугун утуп алууга аракеттенген?

Доу коррупциялык схемалардын бетин ачкан документтерди кандай жол менен алганын түшүндүргөн жок. Ал кайсыл бир конкреттүү өкмөткө же атайын кызматка иштебестигин билдирди.

«Бул менин өзүмдүн жеке көз карашым жана документтерди «Зюддойче Цайтунг» менен ICIJ иликтөөчү-журналисттерге берүү да өзүмдүн чечимим. Мен мындай кадамга белгилүү бир максаттар үчүн эмес, а жөн гана адилетсиздиктин масштабын түшүнгөндүктөн улам бардым», — деп билдирди Доу.

Тема боюнча: Түрдүү өлкөлөрдүн бийликтери «Панамагейтке» кандай реакция кылышты?

Ал бийлик аны коргоо жана коопсуздук менен камсыз кылат деген шарт менен укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Панамалык «Моссак Фонсека» юридикалык фирмасынын дээрлик 12 млн. документинин ачыкка чыгып кетиши офшорлордогу коррупциялык схемалардын масштабдуу иликтөөгө алынышынын себеби болуп калган.

Документтер «Зюддойче цайтунг» немис гезитинин колуна тийип, ал аларды журналисттик иликтөөчүлөрдүн эки түйүнүнө — ICIJ менен OCCRPка көрсөткөн.

Архивдерди карап чыгуунун жыйынтыгында, дүйнөнүн 400гө жакын журналисти тарабынан офшорлордогу коррупциялык схемалар тууралуу материалдардын сериясы жарыяланган. Аларга 12 мурдагы жана азыркы дүйнөлүк лидерлер, жогорку кызматтагы чиновниктер жана атактуу адамдардын тиешелери болгон.

Тема боюнча: «Панамагейт»: Офшорлор тууралуу иликтөөдөн кийин Исландиянын премьер-министри отставкага кетти