Түркия президенти Реджеп Эрдоган терроризмге каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Буга чейин Евробиримдик түрк жарандарына карата виза режиминин жоюлушу үчүн Түркия аталган мыйзамын кайрадан карап чыгышы керек деген шарт койгон.

Түркия Евробиримдик менен визасыз режимге жетишүү үчүн Терроризмге каршы күрөшүү тууралуу мыйзамды өзгөртпөйт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган 6-майда, Стамбулда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, «Түркия бардык тараптан террорчул уюмдардын жана алардын колдоочуларынын чабуулуна кабылып жаткан чакта» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилбейт.

«Биз өз жолубуз менен кетебиз, силер өз жолуңар менен. Ким менен макулдашууга келе алсаңар, ошолор менен сүйлөшкүлө», — деп жазды ТАСС Түркия президентинин айткандарын.

Терроризмге каршы күрөшүү тууралуу мыйзамды өзгөртүү — түрк жарандарына карата виза режиминин жоюлушу үчүн коюлган шарттардын бири болгон. Евробиримдик мыйзамдын европалык стандарттарга дал келиши үчүн Түркиянын андагы терроризм түшүнүгүнүн маанисин тарытышын каалаган.

Мартта Эрдоган «терроризм» түшүнүгүн  мыйзам түрүндө кеңейтүүнү сунуштап, террордук актылардын аткаруучулары менен алардын козутуучуларын гана эмес, а андай аракеттерди колдогондордун бардыгын тең террорист деп табуу керектигин билдирген. Анын айтымында, алар коомдук ишмерлер, журналисттер жана мыйзам чыгаруучулар болушу мүмкүн.

Ошондой эле Еврокомиссия Түркиянын сөз эркиндигинин принциптерин сактап, азчылык өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылышын талап кылган.

Макулдашууларга ылайык, андан сырткары Түркия өлкө аймагы аркылуу Европага өтүп кеткен качкындарды кайра кабыл алып, миграциялык каатчылыкты жөнгө салышы керек болгон.

Түркия жарандары үчүн визасыз режим киргизүү маселеси 2015-жылдын күзүнөн бери талкууланып келет. Түркиянын мурдагы премьер-минисри Ахмет Давутоглунун билдирүүлөрүнө ылайык, виза режими бир жылдан кийин, 2016-жылдын күзүндө жоюлушу керек болчу.

«Түрк жарандары үчүн визалык режимди либерализациялоо жана реадмиссия тууралуу макулдашуулар алты, эң көп дегенде тогуз айда аяктайт», – деп билдирген анда жакында эле премьер-министрлик кызматтан кеткен Давутоглу.