Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 9-майда сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө Орусияда «азыркы учурдун скинхед-фашисттери баш көтөрүп баштаганын» билдирди. Өлкө башчысы мындай сөзүн Москвада Кыргызстандын жарандары сабалгандан кийин айтууда.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 9-майда сүйлөгөн сөзүндө Орусияда «баш көтөрүп баштаган» «учурдун скинхед-фашисттери» тууралуу айтты.
Атамбаев Орусия жарандарын Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз үй-бүлөлөрү «Орусиядан келген качкындар менен акыркы сындырым нанын, кийим кечесин бөлүшкөнүн» унутпоого чакырды.
«[Орусиядагы кыргыз мигранттар] орусиялыктар тараптан бир аз сыйыраак, жок дегенде оор согуш жылдарында Орусиядан келген качкындарга көрсөткөн кыргыздардын мамилелерине бир аз болсо да окшошураак мамилени күтүүгө укуктуу», — деп билдирди президент.
Ал СССР таркагандан кийин «өнөр-жай менен айыл чарба тармагынын кыйрашынан улам жүз миңдеген кыргыздар Орусияда иштөөгө аргасыз болгондуктарын» кошумчалады.
«[Мигранттар] аларды бекер багып же бекер турак-жай беришсин дебей эле. Алар өздөрү жана үй-бүлөлөрү үчүн акча иштеп табууга аргасыз, аны менен катар алар Орусиянын экономикасына да кыйла салым кошуп жатышат», — деди өлкө башчысы.
«Улутуна карап» сабашкан
Атамбаев мындай сөздөрдү Москва метросунда кыргыз мигранттарына кол салуу болгондон кийин айтууда. Кыргызстандыктарга кол салгандар өзүлөрүн «скинхеддер» деп аташып, сурак маалында мигранттарды «улутуна карап» сабагандыктарын айтышкан.
Анда Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев Kloop.kgге курган маегинде кол салуудан кийин «скинхеддерге» каршы Орусиянын Кылмыш кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
«Жабырлануучулар чындыгында эле Москвада иштеп жүрүшкөн биздин жарандар», — деген ал. Жабырлануучулардын абалдары «жакшы» деп бааланууда.
Кол салуудан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргыз дипломаттары тергөөчүлөр менен жолугуп, кылмыш ишинин өзгөчө көзөмөлгө алынышын өтүнгөндүктөрүн билдирген.
«Кыргызстандын жабыркаган жарандары ооруканага жатуудан баш тартышты, алардын абалдары канааттандыраарлык, ошондой эле элчилик кызматкерлери алар менен дайыма байланышта болуп жатышат», — деп билдирген Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.