Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитет «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорун жактырып, аны үчүнчү окууда кабыл алууну сунуштады.

10-майда Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү «чет элдик тыңчылар» тууралуу өзгөртүлгөн мыйзам долбоорун жактырып, аны парламенттин талкуусуна алып чыгышты.

Анын кабыл алынышын колдоп мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов менен юрист Чолпон Жакуповадан башка бардык депутаттар добуш беришти.

«Мыйзам долбоорун азыр сунушталып жаткан түрүндө кабыл алуунун мааниси эмнеде? Биринчи вариантында болсо бир аз түшүнсө болот эле. Бирок азыр аны кыскартылган түрүндө кабыл алууну сунуштап жатышат», — деп жазды 24.kg маалымат агенттиги Жакупованын айткандарын.

Мыйзам долбоору боюнча добуш берүү 12-майдагы пленардык жыйында болот.

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорунун жаңы версиясында төрт берененин экөөсү гана калтырылган.

Документтеги «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген чет элдик жана кыргыз уюмдарын, ошондой эле чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарды киргизүү сунушталган «чет элдик тыңчы» аныктамасы алынып салынган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун мурдагы версиясы коммерциялык эмес уюмдарды Салык инспекциясы менен Социалдык фондго отчет берүүдөн сырткары Юстиция министрлигине да кошумча отчет берүүгө милдеттендирүүнү сунуштаган.

Документтин жаңыланган версиясы учурдагы коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар» деген аныктама менен толуктап, ал уюмдарга жыл сайын каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу өз сайтына отчетторун жарыялап турууну сунуштайт.

Депутаттар башка мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын сыртында түзүлгөн жана уюмдаштыруучусу мамлекеттик органдар болбогон коммерциялык уюмдарды чет элдик деп атоону сунуштап жатышат.

Уюмдар өзүлөрүнүн жылдык отчетторунда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүлөрү керек болот:

  • уюмдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу;
  • анын акча каражаттарын жана мүлктөрүн түзүүнүн булактары тууралуу;
  • уюмдун штатынын саны жана жетекчилери тууралуу;
  • уюмдун мүлктөрү менен каржы ресурстарынын пайдаланылышы тууралуу.