КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев «Жер казынасы жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзамдын жаңы редакциясы өкмөттүн ыйгарым укуктарын кайрадан карап чыгып, анын өлкө аймагындагы кендерди сынактарсыз эле иштетүүгө берүүсүнө мүмкүндүк берет.

Социал-демократ Кожобек Рыспаев өкмөттүн «өзгөчө учурларда» кендерди сынактарды өткөрбөстөн эле иштетүүгө берүүсүнө уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 7-майда коомдук талкууга алынып чыгарылган мыйзам долбоорунда жазган.

«Экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен каалаган бош жердеги жер казыналарын конкреттүү бир адамга сынактарды, аукциондорду өткөрбөстөн жана алгачкы билдирме берүү эрежелерин аткарбастан эле пайдаланууга берүүгө укуктуу», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Рыспаевдин мыйзам долбоору «Жер казыналары жөнүндөгү» учурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Депутат тарабынан сунушталган өзгөртүүлөргө 43чү жана 50-беренелер туура келет. Социал-демократтын пикиринде, документти жаңы практикаларды эске алуу менен жакшыртуу керек болгондуктан улам, андагы тексттин жарымынан көбү өзгөртүлүшү керек.

«Жер казыналары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору жер казыналарынын пайдаланылышын көзөмөлдөө, жаңы жол-жоболор менен механизмдерди киргизүү, кемчиликтерди жоюу жана андагы боштуктардын ордуларын толтуруу максатында иштелип чыкты», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Рыспаевдин пикиринде, өзгөртүүлөр үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт. Аны менен катар демилгечи мыйзам долбоорунун кабыл алынышы коррупциялык кесепеттерге алып келбестигин белгиледи.

«Жер казыналары жөнүндөгү» мыйзамга буга чейинки өзгөртүүлөр 2011-жылдын аягында киргизилген. Бирок анда депутат Кубанычбек Туманов мыйзамга кендерди иштетүү лицензияларын берүүнү катаалдатуу жана ачык сынактарды өткөрүүнү милдеттүү кылган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Парламент ал мыйзам долбоорун үч окууда жактырган, а Жер казыналарын пайдалануу комитетинин төрагасы Азамат Арапбаев ал өзгөртүүлөр коррупциялык схемаларды жоюуга жардам бере тургандыгын билдирген.

«Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен инвесторлорду ачык аныктоо механизмдери киргизилүүдө, тактап айтканда, ири кендерди иштетүүгө лицензия берүү үчүн ачык сынактар өткөрүлүп, ага бардык каалоочулар чакырылышат», — деген Арапбаев.