Кылмышкерлердин №50 тергөө абагынан качуусу жөнүндөгү иш боюнча кезектеги сот отурумунда мамлекеттик айыптоо качууга абактын кызматкери жардам бергендигин билдирди.

12-октябрда №50 тергөө абагынын кызматкери Т. Садыбакасов кылмышкердердин качуусуна жардам берген, деп билдирүүдө «АКИпресс» маалымат агенттиги мамлекеттик айыптоого шилтеме жасап.

Прокурор айыптоонун бир бөлүгүн окуп берди. Анда Садыбакасов абактан качкандардын бири, Итибаевдин жубайынан беш миң сом жана 100 АКШ долларын алгандыгы жазылган.

Ал акча Садыбакасов тарабынан Итибаевге берилген. Өз кезегинде Итибаев абактан качкандардын калгандарына акчанын качуу үчүн пайдаланыла тургандыгын айткан.

Мамлекеттик айыптоо Садыбакасов жетекчиликке билдирбестен кечки убактарда Итибаев менен бирге башкы камактагыларды да сейилдөө короосуна алып чыгып, алар анда абактан качуу планын талкуулашкан деп эсептейт.

12-октябрга караган түнү Садыбакасов камералардын эшиктерин ачып, анда кармалып тургандарды чыгарып жиберген. Алардын бирөөсү — Данияр Кадыралиев — тергөө абагынын аларга жардам берген кызматкерин муунтуп, байлап койгон.

Андан соң алар калган кызматкерлерди күтүп калышкан — кызматкерлердин экөөсүн алар муунтуп, а подполковник Абылгазиевди катуу жарадар кылып кетишкен. Анын алдында Садыбакасовду да муунтушкан.

Сот жообуна тартылып жаткандар Свердлов райондук сотунун 10-майдагы отурумунда өз күнөөлөрүн жарым-жартылай мойундарына алышты, деп билдирүүдө «24» маалымат агенттиги.

Басылма жазгандай, Эдил Абдрахманов, Болот Курбанахунов, Музаффар Уринов №50 тергөө абагынан качкандыктарын мойундарына алышкан.

Максатбек Абдырахманов абактан качкандарды жашыруу боюнча өзүн толук күнөөлүү деп тапты, Нурсият Рысбекова — болсо ошол эле качкандарды жашыргандыгын жарым-жартылай мойнуна алды.

Абдрахманов, Курбанахунов жана Уринов абактан качууга, абактын төрт кызматкерин өлтүрүүгө, өлтүрүү үчүн кол салуу, автоунаа уурдоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жатышат.

Абактан качуу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен.

Ошол эле түнү алардын бешөөсү колго түшүрүлгөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз себептерден улам абакта каза болушкан. Жаза аткаруу кызматынын маалыматтары боюнча, алардын экөөсү жүрөк жетишсиздиги менен жабыркашкан, а үчүнчүсүнүн баш сөөгүндө жаракаты бар болгон.

Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшкөн, дагы бирөөсүн — Тилек Абылгазиевди оор жарадар кылышкан. Ал алган жарааттарынан улам көп өтпөй ооруканада каза болгон.

Абактан качкандардын үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев — аларды колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Дагы алтоосу кармалышкан, бирок алардын үчөөсү — Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжекулов — жүрөк жетишсиздигинен улам абакта каза болушкан.

Сүрөт: Zanoza