КСДП фракциясынан депутат жана мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков «иштеп, конокторду тосуп узатуу жана эс алуу» үчүн парламентте үч иш бөлмөнү ээлейт. «Азаттык» радиосу учурда ал иш бөлмөлөрдө оңдоо иштеринин жүрүп жатканын билдирүүдө.

Мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков ак үйдө үч иш бөлмөнү ээлейт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Жогорку Кеңештеги кабарчысына шилтеме жасап билдирүүдө.

Басылманын маалыматы боюнча, учурда үч иш бөлмөнү бириктирүү үчүн оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Азаттык» тарабынан жүктөлгөн видеодо куруучулардын оңдоо иштери үчүн шаймандарын даярдап жаткандыктары көрүнүп турат. Кабарчынын «Бул Жээнбековдун иш бөлмөсү болобу?» деген суроосуна алар эч нерсе деп жооп беришкен эмес.

Ал бөлмөлөрдүн бирөөсү депутаттын иштөөсү үчүн, а калган экөөсү — меймандарды тосуп узатуу жана эс алуу бөлмөсү болору болжолдонууда. «Маалымат» басылмасынын билдирүүсүнө ылайык, иш бөлмөлөрү кадрлар жана кодификациялоо бөлүмдөрүнө таандык болгон.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын өкүлү иш бөлмөлөрүнүн бириктирилиши тууралуу эч нерсе билбестигин айтты. КСДПнын катчылыгынан Kloop.kgнин кабарчысына алар дагы андай маалыматтарга ээ эмес экендиктерин айтып жооп беришти.

«Кимдир-бирөөнүн иш бөлмөлөрүн алышыптырбы? Чынын айтсам, мен ал жөнүндө уккан жокмун. Бирок депуттардын жаңы чакырылышынын келиши менен көптөгөн оңдоо иштери болгон. Мында азыр да бир нерселерди кылып, тазалап жүрүшөт. Имарат чоң, мен бардык иш бөлмөлөрдү билбейм», — деди КСДПнын өкүлү.

Асылбек Жээнбеков — КСДП фракциясынан депутат. Буга чейин парламент төрагасы кызматын ээлеп турган, бирок бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп дайындалгандан кийин кызматын өткөрүп берүүгө туура келген.