Американын Охлакома штатындагы торнадодон кеминде эки киши каза болду. Жаратылыш кырсыгы жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүн кыйратты, андан улам штаттын бийлиги өзгөчө абал жарыялады.
Американын Оклахома штатынын бийлиги 9-майда башталган кыйратуучу торнадолордон улам өзгөчө абал киргизди.
«Мен 15 округдун аймагында өзгөчө абал жарыяладым. Мындай кадамга торнадо, бурганак жана жамгырдуу катуу шамалдан улам баруудамын», — деп билдирди Оклахоманын губернатору Мэри Фоллин.
Америкалык ЖМКлардын маалыматтары боюнча, жаратылыш кырсыгы штаттын түштүгүндөгү турак-үйлөрдү кыйратып, кеминде эки кишинин өмүрүн алып кетти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курмандыктардын саны өсүшү мүмкүндүгүн билдиришти.
Reuters агенттиги торнадо катуу мөндүр менен коштолгонун, а катуу шамал көптөгөн бактарды кулатканын жазды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, шамалдын ылдамдыгы саатына 256, 5 чакырымга жеткен.
Метеорологдор торнадого кабылган объектилер «өлүмгө алып барчу коркунучтарды» жаратышы мүмкүн болгондуктан, штаттын жашоочуларына далда жерлерге жашырынууну сунуштап жатышат. Алар ошондой эле жаратылыш кырсыгы Айова жана Небраска штаттарына да жетиши мүмкүндүгүн эскертишти.
Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатат. Куткаруу кызматы урандылардын алдын текшерип, калкка колдоо көрсөтүүдө.
Үч күн мурда торнадо Колорадо штатынын жашоочуларын кооптондурган. Анын жыйынтыгында имараттар зыянга учурап, электр берүү линиялары үзүлгөн. Болжол менен анда беш киши жаракат алган.
Торнадо — булуттарда пайда болуп, ондогон жана жүздөгөн метр диаметрдеги куйгуч түрүндө жердин бетине чейин төмөн түшө турган атмосфералык куюн. Мындай кубулуштардын эң көп саны АКШда катталат. Тарыхтагы эң ири торнадо Оклахома штатында болгон, анда анын диаметри үч чакырымга жетип, шамалдын ылдамдыгы саатына 322 чакырымды түзгөн.