«Жарандык кол кабыш» комитети Орусиядагы мигранттарга жасалган мамилелердин абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Документте миграттарды «кичинекей гана тартип бузуулар» үчүн өлкөдөн чыгарып, адилеттүү сотко болгон укуктарынан ажыратып жатканы жазылган.

«Орусиядан административдик чыгаруу: соттук териштирүүлөрбү же массалык куугунтуктообу?» деген аталыштагы баяндама аргасыз бир жерден экинчи жерге көчкөн адамдар менен мигранттарга жардам берген «Жарандык кол кабыш» комитети тарабынан жарыяланды.

Документке ылайык, акыркы жылдары Орусияда мигранттарды «кийинекей гана тартип бузуулар» үчүн өлкөдөн чыгарып, алардын адилеттүү сотко болгон укуктарынан ажыратып жатышат. Комитеттин маалыматы боюнча, мындай аракеттер мигранттардын тартип бузууга болгон жоопкерчилигин күчөткөн жаңы миграциялык мыйзамдын алкагында жасалууда.

«Миграциялык мыйзамдардын катаалдатылышы чет элдик жарандар үчүн Орусия Федерациясынын аймагында жашоо режими жана иштөө тартиптерин регламентациялаган көптөгөн эрежелерди кичине гана бузуу үчүн өлкөдөн административдик чыгаруунун киргизилишинде болгон», — деп жазылган отчетто.

Отчеттун автору, аналитик Константин Троцкий мыйзамга буга чейинки киргизилген өзгөртүүлөрдүн үзүндүсүн келтирип, анда административдик тартип бузгандар айып пул гана төлөп келгендиктерин белгилеген. Анын пикиринде, мыйзамды катаалдатуу — бул мигранттарды өлкөдөн чыгарууну легитимдештирүүнүн жолу.

Отчеттогу маалыматтар боюнча, акыркы үч жылдын ичинде эле орусиялык соттор административдик тарип бузуулар үчүн чет өлкөлөрдүн жарандарына карата 500 миңден ашык өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарышкан. Алардын саны жыл сайын өсүп жатат.

Комитет мигранттардын иштери жагдайларын териштирүүсүз эле каралып, тартип бузгандарга алардын кандай укуктары бар экендиги түшүндүрүлбөй тургандыгын белгилеген. Сот отурумдарынын биринде комитеттин байкоочусу бир ишти кароого судья үч мүнөттөн ашпаган убактысын коротконуна күбө болгон.

«Байкоолордун жыйынтыгында, токтомдун окулушун кошуп эсептегенде (эгер токтом окулган болсо) бир иш орточо эсеп менен 2 мүнөт 45 секунддун ичинде карала тургандыгы аныкталган», — деп жазылган отчетто.

Комитет өкүлдөрү олуттуу мыйзам бузуу катары сот отурумдарына котормочулардын чакырылбагандыгын эсептешет.

«Сот отуруму таптакыр эле өткөрүлбөй, анын ордуна административдик жоопкерчиликке тартылып жаткан чет өлкөлүк жарандарга жөн гана соттун чечиминин даяр көчүрмөсүн алып келип берген учурлар да байкалды», — деп жазды комитет.

Ошондой эле уюмдун баяндамасында Орусиянын шаарларында улутчулдар тарабынан өткөрүлгөн «рейддер» тууралуу да жазылган. Отчеттун авторунун пикиринде, «ксенофобиялык көрүнүштөр» эмгек мигранттарынын өлкөдө жүрүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү ачык көрсөтөт.

Тема боюнча:

Москва: Полиция кыргызстандыктарга кол салган «скинхеддерди» кармады

Атамбаев: «Орусияда скинхед-фашисттер баш көтөрүүдө»

«Жарандык кол кабыш» комитети — качкындар менен аргасыздан бир жерден экинчи жерге көчкөн адамдарга жардам берген аймактык коомдук кайрымдуулук уюму.

Комитеттин өкүлдөрү 1990-жылдан бери мигранттарга кеңеш берип, алгачкы жардамдарды берип келишет. Уюм ошондой эле Орусиянын аймагында мыйзам бузган мигранттардын укуктарын буза турган нормативдик документтердин жокко чыгарылышына жетишүүгө аракет кылат.