Кыргыз архитектору жана дизайнери Салтанат Керезова 2-майдан 8-майга чейин Прагада өткөн дизайн жумалыгында өз эмгектерин көрсөттү. Кыргызстандык анда Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган жалгыз катышуучу болду.
Кыргызстандык дизайнер Салтанат Керезова 2-майдан 8-майга чейин Прагада өткөн дизайн жумалыгында өз эмгектерин көрсөттү. Көргөзмө ички жасалгаларга арналгандыктан Керезова анда жыгачтан жана кагаздан жасалган чырактарын койгон.
«Мен адамдар аны дароо сатып ала тургандай функционалдуу жана пайдалуу бир нерсе жасоону каалагам. Алгач чырактардын дизайнын иштеп чыгып, андан соң аларды ательеге бердим, ал жактан аны кесип, шамдарды орнотушту», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.
Керезованын айтымында, анын эмгектеринин көбү жаратылыш менен архитектураны айкалыштырган бионика стилинде аткарылат. Келечекте дизайнер эмгектерине улуттук мотивдерди кошуп, дүйнөгө кыргыз тоолору менен Ысык-Көл жөнүндө айтууну каалайт.
Азырынча ал өз эмгектеринде жыгач менен кагазды гана пайдаланат, бирок келечекте ички жасалга буюмдарын башка материалдардан да жасоону пландап жатат.
«Мен өзүмдү индустриалдык дизайнер катары көрөм. Менин пландарымда көптөгөн ички жасалга бумдары бар: сааттар, вазалар, текчелер, отургучтар, үстөлдөр. Таш, айнек жана кийиз сыяктуу материалдар менен иштеп баштоону каалайм. Менде азыр темирден жасала турган конструкциялары менен түшүрүлгөн сүрөттөрүм бар», — деди ал.
Дизайн жумалыгынын калыстар тобунун мүчөлөрү Керезованын эмгектерин дароо кабыл алышкан эмес — ал 2015-жылы билдирме берген, бирок тандоодон өтпөй калган. Быйыл болсо анын жолу болуп иш-чарага катышты жана 2017-жылдын майында өтө турган башка дагы бир көргөзмөгө чакыруу алды. Дизайнердин айтымында, анын кээ бир эмгектерин көрүүчүлөр ошол жерден эле сатып алышты.
Керезова Kloop.kgге бул анын эл аралык деңгээлдеги алгачкы көргөзмөсү болгонун, анткени ага 15 өлкөдөн барган 93 дизайнер катышканын айтты. Негизинен алар европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү болушкан жана Салтанат Керезова Кыргызстандан гана эмес, а бүткүл Борбордук Азиядан барган жалгыз катышуучу болгон.
«Мен буга чейин өз эмгектеримди Бишкекте койгом, бирок мында кыйла башка деңгээл болду. Албетте, мен тынчсыздандым, анткени анда эмгектериңди коюп гана коюу жетишсиз болду. Ар бир дизайнер уюштуруучулук маселелерди чечип, өз бурчун кантип жасалгалоо керектиги жөнүндө ойлонушу керек болду. Көргөзмөнүн алдында мен болгону 2-3 гана саат уктап жаттым, анткени убакыт аз болду», — деди ал.
Прагадагы дизайн жумалыгына сегиз миңден ашык киши барып, алардын арасында Чехияда жашаган кыргызстандыктар да бар болду.
«Чехияда кыргызстандыктар аз, 200гө жакын киши. Бирок алар бири-бирине жардам берип, колдоо көрсөтүп турушат. Биз алыс болсок да бири-бирибизди колдоого аракет кылганыбыз абдан жакшы», — деди дизайнер.
Керезова дизайн жумалыгына катышуу ага кесиптештери менен таанышып, өз эмгектери менен бөлүшүү мүмкүндүгүн бергенин белгиледи.
Эми ал Германияда, Италияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө өтө турган ушундай эле форматтагы иш-чараларга катышат. Жакынкы убактарда Салтанат Керезова Прагадагы Техникалык университеттин магистратурасын аяктоону пландап жатат.
Сүрөттөрдө Салтанат Керезованын эмгектери