Укук короочулар коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы парламент имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар мыйзам Кыргызстандын имиджине терс таасирин тийгизет деп эсептешүүдө.
11-майда өткөн митингдин жүрүшүндө 10дон ашык укук коргоочу Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл албоону талап кылышты.
Митингдин катышуучулары «Биримдиктердин эркиндиги үчүн» жана «Мыйзам долбоору демократиялык мамлекеттин имиджин бузат» деген жазууларды көтөрүп парламент менен президенттин администрациясы жайгашкан Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору Төлөйкан Исмаилова мыйзам долбоорун «басмырлоочу жана адамга каршы келген мыйзам долбоору» деп эсептейт.
«Депутаттардын тобу бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышын тездетип баштаганда биз анда ушундай эле мыйзам долбоорлорунун башка өлкөлөрдө да болушун каалаган ЕАЭБдегидей эле Кремлдин колу бар экенин түшүнгөнбүз», — деп билдирди ал.
Укук коргоочу алардын өтүнүчтөрүнө карабастан мыйзамдын долбоору «мыйзам бузуулар менен» парламенттин жалпы угуусуна жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Исмаилова документтин жактырылышына каршы болгон конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү Чолпон Жакупованын айткандарын мисал келтирди.
«Мындай маанисиз мыйзам долбоорун кабыл алып эмне кылышат? Административдик кодексте, Кылмыш кодексинде, Салык кодексинде жана Социалдык фонддо бар беренелерди кайталап эмне кереги бар?», — деди ал Жакупованын айткандарын кайталап.
Укук коргоочу мыйзам «тандоо мүнөзүнө ээ болот» деп эсептейт. Ал анын парламентте талкууланышын «активдүү жарандарга каршы чабуул» деп атады.
«Басмырлоо коррупция фактыларын иликтеп, коррупцияга каршы күрөшкөн жана парламенттик көзөмөлдү ишке ашырып жаткан коммерциялык эмес уюмдарга тиешелүү. Аларга [депутаттарга] бул жакпайт, ошондуктан алар мыйзамды кабыл алууну чечишти», — деди ал.
Парламенттеги конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрайымы, депутат Галина Скрипкина 10-майда мыйзам долбоорунда «негативдүү эч нерсе» жок экенин билдирген.
«Коммерциялык эмес уюмдардын расмий сайттарында отчетторун жарыялап турушунда жаман эч нерсе деле жок. Болгондо да баары отчетту ата мекендик мыйзамдар боюнча берүүгө милдеттүү», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Скрипкинанын айткандарын.
Депутат Айнуру Алтыбаева дагы мыйзам долбоорунун кабыл алынышын колдогон.
«Комитеттен кийин мыйзам долбоорунун мазмуну өзгөрүп, анда мен колдогон гана жерлери калды, тактап айтканда, ачыктык болушу керек», — деген ал.
Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору
Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору парламенттин 12-майдагы пленардык жыйынында үчүнчү окууда каралат.
Анда депутаттар документтин өзгөртүлгөн версиясын карашат. Мыйзам долбоорундагы «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген чет элдик жана кыргыз уюмдарын, ошондой эле чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарды киргизүү сунушталган «чет элдик тыңчы» аныктамасы алынып салынган.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун мурдагы версиясы коммерциялык эмес уюмдарды Салык инспекциясы менен Социалдык фондго отчет берүүдөн сырткары Юстиция министрлигине да кошумча отчет берүүгө милдеттендирүүнү сунуштаган.
Документтин жаңыланган версиясы учурдагы коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар» деген аныктама менен толуктап, ал уюмдарга жыл сайын каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу өз сайтына отчетторун жарыялап турууну сунуштайт.
Депутаттар башка мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын сыртында түзүлгөн жана уюмдаштыруучусу мамлекеттик органдар болбогон коммерциялык уюмдарды чет элдик деп атоону сунуштап жатышат.
Уюмдар өзүлөрүнүн жылдык отчетторунда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүлөрү керек болот:
- уюмдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу;
- анын акча каражаттарын жана мүлктөрүн түзүүнүн булактары тууралуу;
- уюмдун штатынын саны жана жетекчилери тууралуу;
- уюмдун мүлктөрү менен каржы ресурстарынын пайдаланылышы тууралуу.
Со-автор: Александра Ли