Жол активисти Айбек Баратов Бишкектин Манас проспектиси аркылуу саатына 132 чакырым ылдамдык менен бара жаткан 0002 MES мамлекеттик номурлуу автоунаанын сүрөтүн жайгаштырды. ӨКМ айдоочу мамлекеттик резиденциядагы иш-чарадан улам жогорку ылдамдыкта айдагандыгын билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) унаасы жол эрежесин бузуп жаткандыгы тартылган сүрөттү жол активисти Айбек Баратов 11-майда интернетке чыгарды.

«Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынын унаасы Манас проспектиси аркылуу жол эрежесин бузуп, кайгуул милициясына баш ийбестен өйдө-ылдый жүрөт. А анда балдар мектептен үйлөрүнө бара жатышат да…» — деп жазды ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Баратовдун айтымында, 0002 MES мамлекеттик номурлуу автоунаа Манас проспектиси аркылуу саатына 132 чакырым ылдамдык менен айдап өткөн. Окуя кечки саат 16:37де, активист өз унаасы менен кичинекей көчөдөн проспектке чыгып жатканда болгон.

«Мен кичинекей көчөдөн проспектиге чыгып жаткам, анан так менин алдыман болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен мерседес өтүп кетти. Эгер мен жарым гана секунд башка бир нерсеге алаксып кеткенимде ал мени да, өзүн да кырсыкка учуратмак», — деди Баратов.

MES-111

Ал Kloop.kgге автоунааны токтотууга аракет кылган кайгуул милициясынын кызматкерлерине кайрылганын билдирди. Өз кезегинде алар мыйзам бузууну каттап, унаа өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарына таандык экенин айтышкан.

«Жол кайгуул милициясынын кызматкерлери аны токтотууга аракет кылышты, бирок ал баш ийген жок. Качан мен алардын жанынан барып, анын эмнеге мындай катуу ылдамдыкта айдап жактанын сураганымда алар унаа бир күн бою ары-бери жүрүп, баш ийбей жатканын айтышты. Алар 0002 номуру — министрдин орун басары болуш керектигин билдиришти», — деди Баратов.

«Өз убагында жеткирүү тапшырылган»

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова Kloop.kgге ал жол эрежесин бузуу тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтты. Бирок кийинчерээк 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде ал ылдамдыктын жогору болушу резиденциядагы иш-чарага байланыштуу экенин билдирди.

«Бүгүн бизде Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешинин сессиясы өтүп жатат. Айдоочу делегация башчыларын мейманканадан мейманканага жеткирип жүрөт. Бизде унаа жетишпейт, ага меймандарды өз убагында жеткирүү тапшырылган. Иш-чара мамрезиденцияда өтүп жатат. Ошондуктан ал жогорку ылдамдыкта айдап жүрөт», — деген Шерипова.

Басма сөз катчы расмий билдирүүсүндө мекеме кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын, а автоунаанын айдоочусу убактылуу жумуштан бошотулганын билдирди.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Оторов Kloop.kgге айдоочуга административдик айып салынышы керектигин айтты.

«Жогорку ылдамдыкта жүргөндүгү үчүн айдоочуга административдик жаза каралган, а министрлик болсо айдоочуга карата андан кийин чараларды көрсө болот», — деди Оторов.

Баратовдун пикиринде, жолдо мындай кылууга болбойт, өзгөчө ӨКМдин өкүлүнө.

«Ал өзгөчө абалды жаратып жатат да. Мен башаламандык жаратпастан, тартипти сакташы керек болгон кызматтын өкүлдөрүнүн өзүн кандай алып жүрүп жаткандыктарын адамдар көрүшү керек деп эсептейм», — деди активист.

Сүрөт: Айбек Баратов