Кыргызстандык Актан Касымов Москвадагы кафелердин бириндеги мушташтан кийин 2-майда каза болгон. Москванын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүлөрү экспертиза жыйынтыктарын күтүп жаткандыктан, кылмыш иши козголо элек.
Кыргызстандык Актан Касымовдун Москвада каза болгондугу тууралуу 5-майда белгилүү болгон. 23 жаштагы чач тарач Орусия борборундагы кафелердин биринин күзөтчүсү менен болгон мушташтан кийин каза болгон.
Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев Kloop.kgге курган маегинде азырынча ал иш боюнча кылмыш иши козголо электигин билдирди. Айтымында, тергөө башкармалыгы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатат.
«Иштин материалдары азыр тергөө комитетинде, алар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Анысы жок кылмыш ишин козгой алышпайт, анткени өлүмдүн себеби аныкталган жок. Тергөөдө суроолор пайда болууда» , — деди Алиев Kloop.kgге курган маегинде.
Каза болгон кыргызстандыктын туугандары Актан Касымов ксенофобиянын курмандыгы болуп калды деп эсептеп жатышат. Анын эжеси Айзада Абылгазиева «Азаттык» радиосуна курган маегинде шектүү камалбагандыгын, андан улам адилеттүү соттун болорунан шек санап жатканын билдирген.
ИИМ өкүлүнүн айтымында, тергөө шектүүнүн тек-жайын аныктап, кылмыш ишинин жоктугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алып бошоткон.
«Шектүүнүн тек-жайы аныкталды, ал суракка алынды. Ал — (окуя болгон) кафенин жумушчусу, Украинада туулган, улуту — татар. Кылмыш иши жок болгондуктан улам аны камакка алышкан жок, бирок аймактан чыкпоо тил каты менен бошотушту», — деди Алиев.
Кыргызстандыктын өлүмүнө алып келген окуя Москвадагы «Территория» деген кафеде 2-майда болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, эки бала менен кафенин күзөтчүлөрүнүн ортосундагы оозеки айтышуу мушташка айланган.
Тема боюнча: Москвада полиция кыргызстандыктарга кол салган «скинхеддерди» кармады
Каза болгон Актан Касымовдун досу билдиргендей, мушташтын чыгышына кафенин официанттарынын аларга карата ашыкча чек жазып койгондуктары себеп болгон.
«Бизди клубдан чыгарбай койгондуктан, айткан акчасын берип кеткенбиз. Бир-эки саат көчөдө айланып жүрүп, дүкөнгө кирдик. Ошол жерден клубдун эки күзөтчүсүнө жолугуп калдык. Алар бизге кекенип калганбы, ар кайсыны айта башташты. Анан кол көтөрүштү», — деп билдирген ал «Азаттыкка» курган маегинде.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кафенин кызматкерлери менен кардарларынын ортосундагы мушташ тыюу салынганына карабастан акыркылардын кафенин ичинде тамеки чеккендиктеринен улам башталган.
«Алар кафеде таң атканча эс алышкан. Эртең менен, болжол менен саат төрттөрдө үйгө камынышып, кафенин ичинде тамеки чегип башташкан. Орусияда имараттардын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салынган, андан улам алар менен күзөтчүлөрдүн ортосунда оозеки айтышуу болуп, кийин ал мушташка айланган. Күзөтчү аны (Актанды) чаап жиберген, андан улам ал каза болуп калган», — деп билдиришти тергөө өкүлдөрү.
Сүрөт Актан Касымовдун социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасынан алынды