Референдум белгилөө укугу парламентке өткөрүлүп берилиши керек, деп эсептешет конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштаган «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракцияларынын депутаттары.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Тынчтык Шайназаров жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов менен Өмүрбек Текебаев референдумдарды өткөрүү укугун президенттен алып парламентке өткөрүп берүүнү сунушташты.

Алар ошондой эле референдумду демилгелөө үчүн талап кылынган кол койгон шайлоочулардын санын 300 миңден 10 миңге чейин кыскартууну сунуштап жатышат. «Заман өзгөрүп жатат, биз дагы алдыңкы демилгелерди киргизүү менен ордубузда турбашыбыз керек», — деп жазды 24.kg маалымат агенттиги Төрөбаевдин айткандарын.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, президент референдум демилгелөө укугунан ажырайт.

Шыкмаматов Kloop.kgге «президент башкы оюнчу бойдон кала турганын» айтты.

«Биз мыйзамды 2010-жылдагы Конституцияга тууралап жатабыз. [Жаңы версиясына ылайык] референдумду парламент менен шайлоочулар демилгелей алышат. Субъект катары президент алынып салынды. Бул жол-жободо президент башкы оюнчу бойдон калат (ал референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды жактырып же четке кагуусу керек болот), бирок референдумду өзү демилгелей албайт», — деди ал.

Эгер депутаттардын үчтөн бири сунушту жактырса, анда парламент референдум өткөрүү тууралуу мыйзам чыгарат.

Демилгечилер референдумда добуш берүүгө биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандарга гана уруксат берүүнү сунуштап жатышат. Референдумга согуш жана тынчтык, ошондой эле Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же узартуу маселелерин киргизүүгө уруксат берилбейт.

Депутаттар парламенттин буга чейинки V чакырылышында да «Референдум жөнүндөгү» мыйзамга ушуга окшогон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан, бирок анда ал сунуш парламенттик көпчүлүк тарабынан колдоо тапкан эмес.