Бүткүл дүйнөлүк эркин күрөш федерациясы допинг пайдалангандыгы үчүн Кыргызстандын балбаны Жанарбек Кенжеевди Олимпиадалык оюндарга катышуу лицензиясынан ажыратты. Кыргызстандын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан алар федерциянын чечимин жокко чыгартууга аракет кыла тургандыктарын билдиришти.

Рио-де-Жанейродо өтө турган 2016-жылдагы олимпиада оюндарына барууга жолдомо алган кыргыз балбаны Жанарбека Кенжеев допинг пайдалангандыгы үчүн лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун расмий сайтында жазылган.

Кыргызстандын Спорттун олипиада түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы Төлөсүн Ысыраилов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде спортчунун канынан мельдоний табылганын айтты. Ал дирекция федерациянын чечимин жокко чыгартууга аракет кылуу ниетинде экенин, анткени аталган дары адамдын канында бир жыл сакталарын, а тыюу салынган заттардын тизмесине ал 2016-жылдын 1-январында гана киргизилгенин билдирди.

«Мельдоний – бул оор жүктөлүштөрдөн кийин күчтү калыбына келтире турган дары. Спортчулар аны пайдаланып келишкен, бирок кептин жөнү аны 2016-жылдын 1-январынан тартып гана тыюу салышкандыгында, анткени ал адамдын канында бир жылга чейин сакталат. Биз азыр алар менен жазышып атабыз, бирок азырынча жооп ала элекпиз», — деди ал.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк эркин күрөш федерациясы балбандын лецензиясынын чакыртылып алынгандыгы жазылган расмий катын 11-майда жөнөткөн.

«Акыркы жолу, качан Жанарбек Кенжеев Астанада күрөшкөндө анын допинг-сынамы оң жыйынтык көрсөткөн, бирок 25-февралда Бүткүл дүйнөлүк эркин күрөш федерациясы ага олимпиада оюндарына катышууга уруксат бериле тургандыгы жазылган расмий кат жөнөткөн. Бирок 11-майда алар лицензияны чакыртып алып жаткандыктары көрсөтүлгөн дагы бир кат жөнөтүп жатышат», — деди Ысыраилов Kloop.kgге курган маегинде.

Кенжеевдин лицензиясы Астанадагы мелдеште коло медалга ээ болгон индиялык спортчу Равиндер Кхатриге берилип отурат. Ошентип кыргыз балбандарында болгону 3 гана лицензиясы калды. Жалпысынан Кыргызстан 2016-жылдагы олимпиадалык оюндарга катышуу укугун берген 12 лицензияга жетишкен.

Мельдоний тыюу салынган заттардын тизмесине 2016-жылдын 1-январында киргизилген. Ага аталган дары чыдамкайлыкты көбөйтүп, оор жүктөлүштөр болгон маалда булчуңдардагы чыңалууну жеңилдете тургандыгы жазылган немис окумуштууларынын илимий макаласы себеп болгон.

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги мельдоний организмден бир сутканын ичинде толугу менен чыгып кете тургандыгын билдирген. Бирок Орусиянын Федералдык медико-биологиялык агенттигинин изилдөөсү дары организде жарым жылга чейин кармалып турарын көрсөткөн.

Буга чейин мельдоний орусиялык теннисчи Мария Шарапованын канынан табылган. Буга байланыштуу ал мелдештерден четтетилген, а ири компаниялар спортчу менен түзүлгөн жарнамалык келишимдерин убактылуу токтотушкан.