КСДПнын мурдагы депутаты Абдыманап Кутушев парламенттин аппарат жетекчиси болду.

Абдыманап Кутушев — парламенттин V чакырылышынын депутаты — парламенттин аппаратын жетектейт. Ал ал кызматта парламенттин аппарат жетекчиси кызматын беш жылдан ашык убакыттан бери ээлеп келген Радбек Ешмамбетовду алмаштырды.

Кутушевдин жаңы кызматка дайындалганын үч булак ырастады — президенттин администрациясы, парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана мурдагы депутаттын өзү.

«Парламент аппаратынын ишмердүүлүгүн анализдеп, аны натыйжалуу кылуудан баштайм. Билишимче, мен жалгыз талапкер болдум. Төрага дайындады», — деди Кутушев Kloop.kgге курган маегинде.

«АКИпресс» маалымат агенттиги парламент төрагасына шилтеме жасоо менен Кутушев расмий түрдө дайындала электигин, бирок өз милдеттерин аткарууга киришкенин жазды.

Парламент аппаратынын жетекчилигине дайындалганга чейин Кутушев КСДП фракциясынын катчылыгынын башчысы кызматын ээлеп турган.

Парламенттин мурдагы чакырылышында саясатчы КСДП фракциясынан депутат жана конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.

2014-жылдагы кирешелери тууралуу деклорацияга ылайык, бир жылдын ичинде Кутушев дээрлик 725 миң сом иштеп тапкан. Анын 235 чарчы метр аянттык үйү, 65 чарчы метрлик батири жана 4,28 гектар кыймылсыз мүлкү бар.

Кутушевдин туугандары 2014-жылы ишкерликтен түшкөн кирешелеринин жана салымдардын пайыздарынын эсебинен 3,2 млн. сомдон ашык акча табышкан. Саясатчынын жакындары эки батирге жана 8 сотых жер тилкесине ээлик кылышат.

Парламентке келгенге чейин ал Кыргызстандагы алгачкы фарель чарбасын негиздеген, кийин ал «Форель» эс алуу борбору болуп өзгөргөн.